Окутуу жана өнүктүрүү

Окутуу жана өнүктүрүү

Ишканабыздын стратегиясы

Кызматкерлерибиздин жеке жана кесиптик жактан өнүгүүгө умтулуусун жана ишкананын ийгилигине салым кошуусун колдогон эффективдүү жана кызыктырып дем берүүчү окутуу жана квалификацияны жогорулатуу моделине каражат жумшоо чоӊ мааниге ээ экендигин ишканабыз жакшы түшүнөт.

Ийгиликтүү натыйжа үзгүлтүксүз окутуу жана квалификацияны жогорулатуу аркылуу, кызматкерди кызыктырган жана өз мансаптык потенциалын ачууга умтулууну кубаттаган чөйрөнү түзүү менен камсыздалат.

Мындан ары да, ишканабыз кызматкерлерин ѳнүктүрүү үчүн бардыгына бирдей шарттарды түзүп берүүнү ниет кылып келет. Ишкананын кызматкерлери – таланттуу жана ар түрдүү жумуш күчү катары эсептелет. Ушундай ар түрдүү кадрлардын потенциалын толук ачуу – ийгиликтүү окутуу демилгелерибиздин негизги артыкчылыгы.

Программалар

Кызматкерлерибиз жумушка гана муктаж болбостон, мурда билбеген нерселерди үйрѳнүүнү, жаңы кѳндүмдѳргѳ ээ болууну, демилге туудуруучу шарттардын түзүлүп берүүсүн жана мансап тепкичинде жогорулоо мүмкүнчүлүктѳрүнүн жаралышын каалашат. Компаниянын максаты, кызматкерлердин жекече окуусуна керектелген мүмкүнчүлүктѳрдү жана ресурстарды камсыздоо. Бул болсо, алардын мансап тепкичинде кѳтѳрүлүшү үчүн керек болгон техникалык кѳндүмдѳрдү үйрѳнүүгѳ, кесиптик сапатын жогорулатууга жана кесиптик даярдыгын чыңдоого жардам берет.

Программалар, окутуу жана квалификацияны жогорулатуу процесстери ѳндүрүштүн талаптарына дал келүү менен бирге кызматкердин муктаждыктарына, максаттарына жана милдеттерине ылайык даярдалган.

Жыл сайын милдеттүү түрдѳ кайталануучу ден-соолукту, эмгекти жана айлана-чѳйрѳнү коргоо боюнча окутууга кошумча катары, кызматкерлерибиз ѳздѳрүнүн квалификациясын жогорулатуу курстарына катышышат. Бул курстар ишканада учурдагы же болочок милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн кызматкердин кесиптик даярдык деңгээлин кѳтѳрѳт. Ишкананын милдеттенмелери, учурдагы кесибине же КГК тарабынан берилген потенциалдуу мансаптык мүмкүнчүлүктѳргө жооп берүү үчүн кошумча жогорку билимге ээ болууну же ѳздѳрүнүн профессионалдык квалификациясын жогорулатууну самаган бардык кызматкерлерге спонсордук жардам жана колдоо кѳрсѳтүүнү камтыйт.

Жаш муундун жөндөмдөрүн ѳнүктүрүү

Жаш муундун ѳнүгүүсү үчүн жогорку билимдүү болушу зор мааниге ээ экенин түшүнүп, КГК бул демилгени колдоо максатында атайын программаларды иштеп чыгып, жүзѳгѳ ашырып келүүдѳ. Жыл сайын, кесиптик техникалык окуу жайларында билим алууну кѳздѳгѳн орто мектеп бүтүрүүчүлѳрү үчүн стипендия тѳлѳнүп турат. Стипендияга татыктуу студенттерди тандоо окуучунун ийгиликтүү окуу, финансылык муктаждык жана социалдык шарттарынын негизинде жүрөт.

Бүтүрүүчүлѳр үчүн такшалма программасы кен казуу тармагында адистикке ээ болгон жогорку квалификациялуу жогорку окуу жайдын жана кесиптик-техникалык окуу жайдын бүтүрүүчүлѳрүн тартуу максатында негизделген.

Такшалма программасы техникалык кѳндүмдѳргө жана коопсуздук техникасы чөйрөсүндө билим алууга жана лидердик сапаттарды бекемдөөгө үйрѳтѳт. Ошону менен бирге, инновациялык идеяларды изилдөөгө жана заманбап методикаларды иш жүзүндѳ колдонууга мүмкүнчүлүк берет.