Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары «Кумтөр Оперейтинг Компаниден» жеңилдетилген баада дизелдик отун алышты

Кыргызстандын Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун жашоочулары «Кумтөр Оперейтинг Компаниден» жеңилдетилген баада дизелдик отун алышты

Жарыяланган: 18 April 2011

«Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын жетекчилиги эки райондун фермерлерине 240 тонна дизелдик отунду литрин 28 сомдон жеңилдетилген баада бөлүүнү чечти. Дыйкан чарбаларынан мындай өтүнүчтөр бир нече жолу түшкөн. Отун жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө талап кылынат.

Отун эки райондун жетекчилигине берилди, бардык салыктар алтын өндүрүүчү компаниянын өзү тарабынан алдын ала төлөнгөн. Бардык зарыл процедуралар таризделгенден кийин күйүүчү майды дыйкан чарбаларына бөлүштүрө башташат.

Компаниянын президенти Роберт Вандер «компаниянын райондордун дыйкан-фермердик чарбаларына дизелдик отун берүү түрүндөгү өз убагында көрсөтүлгөн жардамы алардын жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк бермекчи. Биздин колдообуз элеттиктерге сезилерлик пайда алып келет деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи.