2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

Жарыяланган: 13 May 2011

2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

“Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2011-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 164 167 унция1  же 5 106 кг алтын өндүрүлдү. Жыл башынан бери компания 52 млн. доллардан2 ашуун суммада  салыктарды  жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” кенинде 164 167 унция алтын өндүрүлдү. Алтын өндүрүү планы 2010-жылдын аягында жасалган руданын запастарынан, рудадагы металлдын жогорку курамынан жана бөлүп алуу пайызынын өсүшүнөнө улам 2011-жылдын I кварталында ашыгы менен аткарылды. Бирок, 2011-жылдын I кварталында өндүрүштүн көрсөткүчтөрү 2010-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 16 395 унцияга төмөн болду, ал алтын ылгоочу фабрикадагы пландуу ремонт иштеринин жүргүзүлүшү менен түшүндүрүлөт.

2011-жылдын I кварталында фабрикага берилип жаткан рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 4,12 граммды, ал эми бөлүп алуу пайызы – 82,6%ды түздү.

2011-жылдын I кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 166 145 унцияны же 5 167,69 кг түздү. Бул мезгилдеги алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 384  долларды, ал эми алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 229,9 млн. долларды түздү. 

“Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы Доре куймалары болуп саналат, алар “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан аффинаждык ишканада аны кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат. Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүү жана капиталдык чыгымдар

2011-жылдын I кварталында амортизацияны жана эскирүүлөрдү эске алганда жалпы өндүрүштүк чыгымдар 71,3 млн. долларды түздү.

2011-жылдын I кварталында капиталдык чыгымдар жалпысынан 71,9 млн. долларды түздү. Ал чыгымдар өзүнө негизги каражаттарды модернизациялоого, баарыдан мурда оор техниканын капиталдык ремонтуна жумшалган 6,7 млн. долларды камтыды. Өндүрүштү өнүктүрүүгө инвестициялар 65,2 млн. долларды түздү, алар САТ 789 жүк ташуучу автомашиналарын, кендин үстүн ачуу иштерине, жер астына түшүүчү жерлерди ыңгайлаштырууга,  ошондой эле Liebherr экскаваторлорун сатып алууга багытталды.

№1 түшүүчү жерде (SB зонасы) жалпысынан 1280 метр, анын ичинде квартал ичинде 200 метр өтүлдү. №2 түшүүчү жерде (штокверк зонасы) жалпысынан 928 метр, анын ичинде квартал ичинде 194 метр өтүлдү.

Геологиялык чалгындоо иштери

2011-жылдын I кварталында бургулоо иштеринин көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар өстү жана 4,1 млн. долларды түздү.

2011-жылдын биринчи кварталында геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш участокторунда, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде жүргүзүлдү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 52,3 млн. долларды  түздү (Салык төлөмдөрүнүн структурасы №2 таблицада келтирилген).

2011-жылга перспективалар

2011-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 550-600 миң унция же 17,1– 18,7 тонна алтын өндүрүү пландаштырылууда.

Капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 2011-жылы 206 млн. доллар чектеринде пландаштырылууда. Алардан 170 млн. доллар өндүрүштү  өнүктүрүүгө, 36 млн. доллар – негизги фонддорду модернизациялоого каралган.

Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен  жети CAT 789 жүк ташуучу автомашиналарды (21 млн. доллар)  жана карьердин түндүк бортун кеңейтүү боюнча иштер үчүн башка техниканы  (28 млн. доллар) сатып алууга, карьердеги кыртышты ачуу иштерине даярдыктарга (63 млн. доллар), ошондой эле тоо-тектерин төгүү аянтын кеңейтүүгө (3 млн. доллар) жана башка долбоорлорго  багытталмакчы. 52 млн. долларды жер астындагы участокторду жайгаштырууга багыттоо пландаштырылууда.

Негизги фонддорду модернизациялоого  бөлүнгөн каражаттардын эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (19 млн. доллар), калдыктарды сактоочу чарбанын дамбасын бекемдөөгө (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (12 млн. доллар) багытталмакчы.

Геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 2011-жылы 13 млн. долларды түзмөкчү.

Жылдык дивиденддендерди төлөп берүү

Мурда билдирилгендей («Центерра Голд» компаниясынын үстүбүздөгү жылдын 2-майындагы пресс-релизи), «Центерранын» Директорлор кеңеши жалпы суммасы 94,4 млн. канада доллары (учурдагы курс боюнча 99,3 млн. АКШ доллары) болгон дивиденддерди Торонтодогу биржада 2011-жылдын 12-майынан кеч эмес катталган акционерлерге 2011-жылдын 18-майынан баштап жөнөкөй акциясына 0,4 канада долларынан (30 цент атайын дивиденд түрүндө жана 10 цент жылдык дивиденд түрүндө) төлөнүп берилүүгө тийиш.

«Центерранын» Директорлор кеңешинин атайын дивидендди төлөп берүү жөнүндө чечими жакшы өндүрүштүк  көрсөткүчтөрдүн негизинде жана алтынга жогорку баадан улам кабыл алынган, алар жада калса өтө зор капиталдык салымдардан кийин да накталай каражаттардын олуттуу агымын түзүүгө мүмкүндүк берди. Биздин пикирибиз боюнча, бул дивидендди төлөп берүүдөн, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу компаниянын  эң ири акционери болгон Кыргыз Республикасын кошо алганда, бардык акционерлер утат»,-деп билдирди «Центерранын» Президенти Стивен Ланг.

*  *  *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2011-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8 млн. унция же 247 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2011-жылдын 13-майына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1,5 млрд. доллардан ашып кетти.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com  сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2011-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.