МТ АДИСИ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ОФИС)

МТ АДИСИ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ОФИС)

Жарыяланган: 14 September 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

 төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт 

 МТ адиси (Бишкек шаарындагы офис)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0154

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • MS SQL маалымат базаларын администрациялоо;
  • Veeam Backup & Replication администрациялоо;
  • Microsoft серверлерин администрациялоо;
    • Иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
    • “Көйгөйлүү” жана стандарттык эмес өтүнмөлөр боюнча кайрылууларды чечүү;
    • Жүктөмдү башкаруу;
  • Виртуалдык инфраструктура (Hyper-V) менен иштөө:
    • Виртуалдык машиналарды даярдоо жана жайгаштыруу;
    • Бөлүнгөн ресурстарды башкаруу;
    • Резервдик сактоо;
  • Инфраструктуралык кызматтарды администрациялоо:
      • Active Directory, Group Policy (GPP, SRP, Windows Firewall);
      • Репликация каталар көйгөйүн чечүү;
      • Сайттарды жана түйүндөрдү башкаруу;
      • Объекттерди калыбына келтирүү;
  • DNS, DHCP, DFS, жалпы файлдык ресурстар, басып чыгаруу сервистери, WSUS;
  • Почта системаларын администрациялоо:
      • Microsoft Exchange Online, Mailbox Archive, почта каттарынын трекинги;
  • Windows Server 2008R2/2012R2/2016 сервердик ОС жалпы администрациялоо;
    • Ресурстарды пландаштыруу;
    • Көйгөй чечүү жана өндүрүштөгү кооптуу жерлерди издөө;
    • Windows Failover Cluster башкаруу жана ырастоо.

 МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку техникалык билим;
  • Системдик администрациялоо жана Microsoft Windows базасындагы операциондук системаларды коштоо жаатында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Билимдери:
      •  Microsoft инфраструктуралык технологияларды;
      • операциялык системалардын ишин;
      •  MS SQL маалымат базаларынын ишин;
      • почта кызматтарынын ишин;
      • сервердик жабдуулардын ишин;
      • ЛВС жана Cisco коммутациялык жабдууларынын түзүлүш жана иштөө принциптерин (артыкчылык);
      • Linux операциондук системасынын негиздерин билүү жана аларды администрациялоо боюнча башкы көндүмдөрү болуу (артыкчылык);
  • Microsoft Windows багыттары боюнча сертификациянын болушу (артыкчылык)
  • Аналитикалык ой-жүгүртүү;
  • Коллективде иштей билүү, демилгелүүлүк;
  • Өз кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жана окууга умтулуу.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 26-сентябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0154

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.