Ысык-Кɵл облусунун «Жаштар банктары» үч жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарышты

Ысык-Кɵл облусунун «Жаштар банктары» үч жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарышты

Жарыяланган: 09 March 2016

Өткɵн ишембиде Борбор Азиядагы Америка университетинде “Жаштар уюмдарынын жергиликтүү жамааттарды туруктуу ɵнүктүрүүгɵ салымы” аттуу улуттук конференция болуп ɵттү. Жолугушуу “Кумтɵр Голд Компанинин” финансылык колдоосу астында БАЕФ (Борбор Азиядагы Евразия фонду) тарабынан жүзɵгɵ ашырылып жаткан “Ысык-Кɵл облусунун жаштар банктары” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Конференцияга Кыргызстандын бардык облустарынын жаштар уюмдары, демилгелүү топтор, активисттер, ошондой эле жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана жергиликтүү ɵкмɵттүк эмес уюмдардын ɵкүлдɵрү жана кɵз карандысыз эксперттер катышты.

Конференциянын жүрүшүндɵ “Жаштар банктарынын” үч жылдык ишинин натыйжалары жана ийгиликтүү иштɵɵ механизмдери, жаштардын жергиликтүү калк менен жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары менен ɵз ара аракеттенүү формалары кɵрсɵтүлүп, алардын аймактардагы туруктуу ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн иш багыттары да каралды.

Жалпысынан Ысык-Кɵл облусундагы үч жылдагы ишмердүүлүгүндө “Жаштар банктары” тарабынан 200дɵн ашуун социалдык долбоорлор жүзɵгɵ ашырылып, 30 миӊдей адам түз жана кыйыр пайда алышкан. Жүзɵгɵ ашырылган долбоорлордун негизги багыттары инфраструктураны ɵнүктүрүү, билим берүү жана маданий мекемелерди колдоо, окутуу курстарын ачуу, кайрымдуулук жана экологиялык акциялар болгон. “Кумтɵрдүн” үч жыл аралыгындагы салымы 30 млн сомдойду түзгɵн.

«Билим берүүгɵ жана жаштардын потенциалын ɵнүктүрүүгɵ инвестициялар “Кумтɵр” компаниясы кабыл алган Ысык-Кɵл облусун комплекстүү туруктуу ɵнүктүрүү боюнча стратегиядагы негизги багыттардын бири. “Жаштар банктарынын” алкагында биз ɵтɵ креативдүү идеялардын жүзɵгɵ ашырылуусун байкайбыз, эми алар ийгиликтин үлгүсүнө айланды. Биз жаштардрын потенциалын ɵнүктүрүүдɵгү жалпы максаттарга жетишүү үчүн жаңы муундун демилгелерин колдоону улантмакчыбыз, алар жакынкы мезгилде ɵлкɵнүн лидерлерине өсүп жетилет деген үмүттөмүн»,- деп белгиледи “Кумтɵр Голд Компанинин” тобокелчиликтерди башкаруу, нормативдик базаны сактоо жана туруктуу ɵнүктүрүү боюнча вице-президенти Родни Ступарик.

Конференциянын катышуучулары тажрыйба алмашып, жалпы Кыргызстан боюнча түркүн уюмдардын ортосундагы ɵз ара мамилелерди бекемдɵɵгɵ багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүнү талкуулашты. Андан тышкары, Ысык-Кɵл областынын “Жаштар банктарынын” андан аркы ишмердүүгү маселеси да каралды.

«Жаштар банктары – бул жаштарды коомдук ишмердүүлүккɵ тартуунун уникалдуу ыкмасы. Долбоор аймак жаштарынын социалдык муктаждыктарын чечүүгɵ жана активдүү жарандык позиция менен жеке жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарды жигердүү жылдырууга багытталган. “Жаштар банктарынын” мүчɵлɵрү бул убакыт аралыгында билим менен тажрыйбанын мыкты топтомуна ээ болушту, эми алар ишти ɵз алдынча улантууга мүмкүнчүлүгү бар. “Жаштар банктары” коомдук фонд катары катталды, эми алар ɵз алдынча уюм катары иштемекчи», – деп белгилейт БАЕФтин программалык адиси Динара Ибрагимова.

Маалымат үчүн:
«Жаштар банктары» – бул ыктыярчылардын демилгелүү топтору, алар ɵз жамааттарынын турмушуна жигердүү катышат. Мурда мындай топтор алты жерде: Балыкчы, Каракол, Бɵкɵнбаев, Тамга, Кызыл-Суу жана Түптɵ түзүлгɵн. “Жаштар банктары” билдирмелерди кабыл алат жана жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ багытталган кызыктуу долбоорлорду колдойт. 2016-жылы “Жаштар банктары” КФ расмий катталды.