Ысык-Көлдө «Жашыл Ой» эл аралык экологиялык форуму болот

Ысык-Көлдө «Жашыл Ой» эл аралык экологиялык форуму болот

Жарыяланган: 16 September 2013

Ысык-Көлдө «Жашыл Ой» эл аралык экологиялык форуму болот 2013-жылдын 16-сентябрынан 23-сентябрына чейин Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен «Жашыл Ой» эл аралык экологиялык форуму болуп өтмөкчү. 2013-жылы жарыяланган КМШ мейкиндигиндеги экологиялык маданият жана курчап турган чөйрөнү коргоо жылына арналган «Жашыл Ой» форуму Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фондунун камкордугу астында өтмөкчү. Иш чаранын демилгечиси «Жаштар демилгелерин өнүктүрүү фонду» болууда.

Форумдун башкы темасы – «жашыл» ишкердик. Иш чаранын олуттуу маселелеринин бири болуп туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук тармагында иштеген адистерди бириктирүү үчүн шарттарды түзүү саналат. Жаш лидерлердин мамлекеттер аралык тармагына киришкен форумдун катышуучулары КМШ мейкиндигиндеги курчап турган чөйрөнү жакшыртууга багытталган идеяларды талкуулашып жана биргелешкен аракеттерди кабыл алуусу болжолдонулууда. Форум жаратылыш коргоо тажрыйбасын жана мыкты практикаларын алмашуу боюнча өз алдынча аянтча болуп калмакчы.

Форумдун алкактарында катышуучулар үчүн төмөнкү темалар боюнча семинарларды өткөрүү пландаштырылууда:

• жашыл ишкердик;
• жергиликтүү жамааттарды туруктуу өнүктүрүү;
• экологиялык долбоорлор жана демилгелер үчүн жаштарды мобилизациялоо;
• эко укук;
• эко туризм;
• жашоонун сергек образы жана эко-калктуу пункттар;
• жаш окумуштуулардын курчап турган чөйрөгө салымы;
• экологиялык журналистика ж.б.

Форумга КМШнын ар бир өлкөсүнөн 35 жашка чейинки курактагы курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында иштешкен коомдук ишмерлер, журналисттер, блоггерлер жана медиа адистер, жашыл бизнес чөйрөсүндөгү жаш ийгиликтүү ишкерлер катышмакчы.