Эл аралык Ысык-Көл оюндарында пляждык күрөш боюнча биринчи орунду “Кумтөр”компаниясынын кызматкери ээледи

Эл аралык Ысык-Көл оюндарында пляждык күрөш боюнча биринчи орунду “Кумтөр”компаниясынын кызматкери ээледи

Жарыяланган: 20 September 2021

5-сентябрдан 12-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Бактуу – Долоноту айылында “Каприз” пансионатынын базасында “Азия-тынчтыктын жана кызматташтыктын региону” деген девиз менен ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин катышуусу менен ХХ юбилейлик эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары болуп өттү.

“Кумтөр” компаниясынын өкүлдөрү он жылдан ашуун ушул спорттук мелдештерге катышып келишет. “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын волейбол командалары Ысык-Көл оюндарында биздин компанияны татыктуу көрсөтүштү. 40 жашка чейинки эркектердин волейбол командасы топтон чыгып, 17 команданын арасынан 8-орунду ээледи, 40 жаштан жогору эркектер волейбол командасы 7 команда ичинен 4-орунду  ээледи.

Тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн кызматкери жана эркин күрөш боюнча спорт чебери Тилек Ибраев пляждык күрөштүн мыктысы болуп таанылды.

Тилекти бул жетишкендиги менен куттуктайбыз жана мындан да чоң ийгиликтерди багынтууну каалайбыз!