Ысык-Көлдөгү мектептерде компьютерде иштөө жана кесиптик багыт берүү боюнча тренинг жүрүп жатат

Ысык-Көлдөгү мектептерде компьютерде иштөө жана кесиптик багыт берүү боюнча тренинг жүрүп жатат

Жарыяланган: 11 August 2014

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жыйырма мектебинде мугалимдер жана жогорку класстардын окуучулары үчүн компьютерде иштөө жана кесиптик багыт берүү боюнча тренингдер өтүп жатат. Бул билим берүүчү долбоор “Кумтөр Голд Компанинин” каржылоосу менен экинчи жыл катары менен өткөрүлүүдө.

Тренингдин жүрүшүндө окуучулар менен мугалимдер негизги компьютердик программаларды (Word, Excel жана Power Point) колдонуу, семинарда үйрөнгөндү колдонуп экономикалык жана математикалык маселелерди чечүү боюнча билим алышат. Ошондой эле балдарга резюме түзгөндү жана коштоочу кат, ойду негиздөөчү кат жазганды окутушат. Андан сырткары жогорку окуу жайга өтүүдө же ишке орношууда интервьюдан ийгиликтүү өтүү боюнча айтып беришет. Тренерлер кесиптик багыт тандоо боюнча лекцияларды окуп, окуучуларга келечек кесибин тандоодо жардам беришмекчи.

Бул жылы беш күндүк тренингдер Жети-Өгүз районунун Жел-Дөбө, Жети-Өгуз, Ак-Дөбө, Боз-Бешик жана Ичке-Булуң айылдарында, Тоң районунун Корунду Булак, Тогуз Булак, Ала-Баш, Кара-Талаа, Шор Булак, Бөкөнбаев, Эшперов, Төрт-Күл, Кара-Коо жана Көл-Төр айылдарында өткөрүлөт. Былтыркы жылдын жайында бул долбоордо 10 мектеп, 419 окуучу менен мугалим камтылган. Быйылкы жылды кошуп эсептегенде катышуучулардын саны 800 адамга жетет.

«Компания аймактагы мектеп окуучуларына келечекте пайдалуу болгон керектүү билим жана кошумча өнөр алышына жардам берүүгө ар дайым даяр. Бул долбоор келечекте балдарга жогорку окуу жайларга, кесиптик лицейлерге өтүүгө жана ишке орношууга жардам берет деп үмүттөнөм» – деп Дуглас Гриер, «Кумтөр Голд Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору белгиледи.