«Ысык-Көл Гран-при 2013» бардыгыңыздарды күтөт

«Ысык-Көл Гран-при 2013» бардыгыңыздарды күтөт

Жарыяланган: 05 August 2013

10-августта «Ысык-Көл Гран-при 2013» велотуру болуп өтөт. Иш чаранын максаты – Кыргызстанда спортту жайылтуу жана туризмди өнүктүрүү. «Гран-принин» уюштуруучулары бардык каалаган спортчуларды жана велосипедисттерди салттуу болуп калган ушул веложарышка чакырат.

«Ысык-Көл Гран-при 2013» велотуру эртең мененки саат 10до Балыкчы шаарынан старт алмакчы, анын акыркы чекити – Тоң районунун Тоң айылы. Трассанын жалпы узундугу 97 чакырымды түзөт. Велотур эки бөлүктөн турат, трассанын алгачкы 35 чакырымы – катышуучулардын бардык категориялары үчүн велотур. Калган 62 чакырымы – ылдамдыкта жарышуу. Жеңүүчүлөрдү баалуу белектер күтөт.

Иш чара быйыл «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен өтөт.