Ысык-Көлдө жаштардын биримдигин камсыздоо максатында форум өткөрүлдү

Ысык-Көлдө жаштардын биримдигин камсыздоо максатында форум өткөрүлдү

Жарыяланган: 23 July 2013

Ысык-Көлдө жаштардын биримдигин камсыздоо максатында форум өткөрүлдү22-июлда Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Жаштардын биримдиги жана ынтымагы» аттуу райондук жаштар форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган форумга Тоң райондук мамадминистрациясынын башчысы – аким Б.Рыспаев, «Кумтөр коперейтинг компани» ишканасынын туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн мүдүрү Дуглас Гриер, Европалык өнүгүү банкынын жана «АВЕП» коомдук уюмунун өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө аймактардан келген жаштар өз көйгөйлөрүн ортого салышып, аларды чечүүдө ынтымак жана биримдик зарыл экендигин баса белгилешти.

Аймактардан келген жаштардын лидерлери жана демилгелүү жаштар, ар бир айылда жаштар уюмдарын түзүп, лидерлерин шайлап, мындан аркы иш багыттарды аныктоо максатында, үстүбүздөгү жылдын август айында кайрадан жыйын өткөрүүнү чечишти.

Баракельде