Ысык-Көлдүн фермерлери теплица өсүмдүктөрүн өстүрүү методдору жөнүндө билим алышты

Ысык-Көлдүн фермерлери теплица өсүмдүктөрүн өстүрүү методдору жөнүндө билим алышты

Жарыяланган: 15 April 2014

«Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу астында «АВЕП» коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Карагат +» долбоорунун алкактарында Ысык-Көл областынын фермерлери теплица өсүмдүктөрүн өстүрүү негиздери боюнча окуу курсунан өтүштү.

Областтын кызыкдар жашоочулары үчүн тренингдер сериясы «Билим» окутуу борбору тарабынан жүргүзүлдү жана 2014-жылдын февралында аяктады. «Бай Түшүм» банкы бардык кызыкдар айылдыктарга микрокредиттерди берүүгө даярдыгын билдирүү менен фермерлерге баштапкы капиталды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Долбоордун негизги максаты – теплицаларды түзүү жана областтын жашоочуларын айыл чарба өсүмдүктөрү менен үзгүлтүксүз камсыздоо жолу менен областтын фермерлеринин кирешелерин жогорулатууга көмөктөшүү.

Маалымат үчүн:
«Кумтөр» компаниясынын жана «АВЕП» коомдук фондусунун биргелешкен 3 жылдык «Карагат +» долбоору – жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш рыногунун потенциалын кеӊейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багыттагы долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаӊы мол түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун иннговациялык методдоруна окутту. «АВЕП» фондусунун адистери питомниктер, теплицалар жана айыл чарба продукциясын кабыл алуу тармагын түзүүгө көмөк көрсөтөт. Өзгөчө көӊүл фермерлер продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жолго салып жана өстүрүлгөн жемиштерден пайданы жогорулата алуусу үчүн аларды маркетингдин негиздерине окутууга бурулууда.
«АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө көмөктөшүү максаттарында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеӊири спектри менен иштөөчү Борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясый эмес уюм.
«Карагат +» долбоору жөнүндө кеӊири маалымат төмөнкү веб-сайтта жеткиликтүү: www.karagat.kg.