КР премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов «Centerra Gold Inс.» компаниясынын президенти Стивен Ланг менен жолугушуу өткөрдү

КР премьер-министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов «Centerra Gold Inс.» компаниясынын президенти Стивен Ланг менен жолугушуу өткөрдү

Жарыяланган: 04 October 2011

2011-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Centerra Gold Inс.» компаниясынын президенти Стивен Ланг жетектеген компаниянын Директорлор кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз Республикасынын расмий сайты www.gov.kg билдиргендей.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Бабанов «Centerra Gold Inс.» компаниясынын жетекчилигине социалдык программаларды жүзөгө ашырууда колдоо көрсөткөндүгү, анын ичинде мектептердин курулушуна 10 млн. доллар бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр «Centerra Gold Inс.» компаниясына улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик тоо-кен институтунун базасында тоо-кен тармагы үчүн кесипкөй кадрларды даярдоого катышууну сунуш кылды.

Өз кезегинде «Centerra Gold Inс.» компаниясынын президенти Стивен Ланг мурдагы жолугушууларда айтылган бардык маселелер чечилип жаткандыгын, бирок дагы көп нерсени жасоо керектигин белгиледи. «Биз Кыргызстандын өкмөтүнө ачыктык жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле региондордун өнүгүүсүнө, анын ичинде мектептердин курулушуна салым кошууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз», – деп белгиледи Стивен Ланг . Анын сөзү боюнча, быйыл компания «Кумтөр» долбооруна 200 млн. АКШ долларын кошумча салууну пландаштырууда.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар мындан аркы тыгыз кызматташуу жана жер казынасын пайдалануу тармагындагы өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө келишишти.

Фотосу Кыргыз Республикасынын Президентинин сайтынан алынды.