ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АРХИВ ИШТЕРИ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АРХИВ ИШТЕРИ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 30 April 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-майы, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында иш кагаздарын жүргүзүү жана архив иштери бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Жогорку билим жөнүндө дипломунун болушу;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү (оозеки жана жазуу жүзүндө);
  • Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү (MS Word/Excel), электрондук почта; оргтехника менен иштей билүү (сканер/ксерокс/принтер);
  • Документтер менен иштөөдө тактык, реквизиттерге көңүл буруу, системалаштырууну билүү/реестрлерди жүргүзө билүү;
  • Жоопкерчилик, тартиптүүлүк, тактык, мөөнөттөрдү сактоо;
  • Документтерди сактоо жана өткөрүп берүү эрежелерин, ошондой эле маалыматтын купуялуулугу боюнча талаптарды сактоого даяр болуу.

Милдеттер:

  • Ишкананын ички эмгек тартип эрежелерин, коопсуздук техникасын жана купуялуулук талаптарын сактоо;
  • Кириш корреспонденцияны кабыл алуу жана алгачкы текшерүү (иргөө, комплекттүүлүгүн текшерүү, каттоого даярдоо);
  • Бөлүм адисинин жетекчилиги астында документтерди каттоо (журналдарды/реестрлерди толтуруу);
  • Документтерди сканерлөө, көчүрмөлөө, тигүү/папкага салуу, документтердин пакеттерин түзүү жана коштомо материалдарды даярдоо;
  • Документтерди аткаруучуларга бөлүштүрүү, түп нуска документтердин кайтарылышын көзөмөлдөө, өткөрүп берүү баракчаларын жүргүзүү;
  • Иш кагаздар номенклатурасына ылайык иштерди калыптандыруу: документтерди папкага тигүү, тастыктоочу баракчаларды тариздөө.
  • Архивдик иштерге катышуу: архивге өткөрүүгө даярдоо, таңгактоо/белгилөө, тизмелерди (опис) түзүү (бөлүм адисинин жетекчилиги астында);
  • Документтерди курьердик/почта кызматтары аркылуу тариздөө жана жөнөтүү, жөнөтүүлөрдүн реестрлерин даярдоо;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү жана архивдик иштин алкагында жетекчинин жана бөлүмдүн адистеринин тапшырмаларын аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 14-майында саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.