ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 02 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-июну, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • «Тоо-кен иши» адистиги боюнча жогорку билим;
  • Инженердик геология боюнча негизги билим;
  • MS Office (Excel, Word) жана AutoCAD программаларын ишенимдүү деңгээлде билүү;
  • Деталдарга көңүл буруу жана аналитикалык жөндөмдөр;
  • Алынган билимге ылайык кесиптик жөндөмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Окууга даярдык жана чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө жөндөмдүүлүгү. 

Милдеттер:

  • Инженердик-геологиялык маалыматтарды чогултууга жана системалаштырууга катышуу;
  • Геологиялык маалыматты иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
  • Отчеттук документтерди даярдоо жана тариздөө;
  • Картографиялык жана техникалык материалдар менен иштөө;
  • Жардыруу иштеринин негизги түшүнүктөрү менен таанышуу;
  • Инженерлердин долбоорлор боюнча иштери, инфраструктура объектилеринин схемалык чиймелери менен таанышуу;
  • Геологдордун жана гидрогеологдордун иштери менен таанышуу;
  • Бөлүмдүн адистеринин учурдагы долбоорлорунун алкагында берилген тапшырмаларды аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
  • Такшалма графиги -5/2

Тандоого катышуу үчүн:

2026-жылы 8-июнда саат 14.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.