ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Юридикалык бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • Жогорку юридикалык билим (2016-жылдан 2021-жылга чейиннки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;

Милдеттер: 

  • Ар түрдүү документтердин долбоорун даярдоо;
  • Бөлүмдүн отчеттуулугун жүргүзүү;
  • Бөлүмдүн архивин жүргүзүү;
  • КГКга байланыштуу сот актыларынын даярдалышын жана өз убагында алынышын көзөмөлдөө;
  • Юридикалык бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам берүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Учкун кеңсеси
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.