ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 01 March 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Маалымат технологиялар бөлүмүндө такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Маалымат технологиялар” багыты боюнча жогорку билим (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча ГОСТторду билүү, программалоо тилдерин жана фреймворкторду, SOA принциптерин билүү;
  • Натыйжалуу байланыш түзүүгө (коммуникация) жөндөмдүү болуу;
  • Тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү; 

Милдеттер:

  • Учурдагы маалымат системаларын изилдөө
  • Долбоордун ичиндеги колдонмолорду интеграциялоо тапшырмалары
  • Front End (React, Angular); Back End (Java, Node.js) программалык камсыздоолорун иштеп чыгуучулар;
  • Интеграцияны иштеп чыгуучулар (Java Spring Boot, Golang);
  • Отчеттуулук жана аналитиканы иштеп чыгуучулар (MS Power BI);

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 6 ай
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 14-март саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.