ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 21 April 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн  ТООКЕН ӨНДҮРҮШТҮК бөлүмгө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Ачык кен казуу иштери», «Жер алдындагы кендерди иштетүү» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office, AutoCAD менен иштей билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Жардыруу иштерин жүргүзгɵндɵ жалпы коопсуздук талаптары менен таанышуу;
  • Жардыруу жабдуулары, жардыруучу заттардын сапаттары менен даярдоо технологиясын окуу;
  • Жардыргыч техникасы жана скважиналарды заряддоо технологиясы менен таанышуу;
  • Жардыруу тармагын монтаждоодо кɵмɵктɵшүү;
  • Жардыруу сважиналарын долбордоо;
  • Эсептерди жүргүзүү, жардыруу иштеринин паспорту менен долбоорлорун түзүү;
  • Ар кандай технологиялар жана системалар менен таанышуу.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 16:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.