ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 21 April 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Маалымат технологиялары» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • C#, .Net, HTML, CSS, Java script, React, Type Script, VB, MS SQL, Azure SQL, Power BI, Power Query тилдерин билүү;
  • MS Office 365, SharePoint Online, Power Apps, Power Automate, Forms, Dynamics 365, Dataverse тиркемели менен иштɵɵ тажрыйбасы болуу;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  • Кагаз формаларын автоматташтыруу;
  • Sharepoint үчүн иштеп чыгуу;
  • Долбоорлорго кɵмɵктɵшүү.

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
  • Такшалма графиги – 5/2

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 17:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.