ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 21 April 2021

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн  ООР ЖАНА ЖҮРГҮНЧҮ ТАШУУЧУ ТЕХНИКАНЫН ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.

Талаптар:

  • «Инженер-механик» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2021-жылы бүтүрүү);
  • Компьютер жана MS Office программаларында иштей билүү;
  • Англис тилин жакшы билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкандык, команда менен иштей алуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Тоо жана жүргүнчү ташуу техникасынын диагностикасын, оӊдоо жана тейлɵɵ иштерин практика жүзүндɵ үйрɵнүү;
  • Бузулуулардын түпкү себептеринин аныктоо үчүн маалымат чогултуу жана талдоо;
  • Техникалык тейлɵɵнүн жана жабдуулардын оӊдоо графиктерин пландоо;
  • Маалымат менен отчетторду чогултуу жана талдоо;

Жумуш шарттары:

  • Акы тɵлɵнүүчү такшалма
  • Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
  • Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Конкурска катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
  • Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 16-май күнү саат 17:00 чейин HR.Kumtor@centerragold.com электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
  • Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.

Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.