ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнө  эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • “Жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу” же “Өндүрүштүк экология багыттары боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Чет тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • ПК, MS Office жана башка программаларды колдоно билүүсү кубатталат;
  • Коммуникация түзүү жөндөмдөрү болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Экологиялык долбоорлорго катышуу;
  • Пробаларды даярдоо жана көз карандысыз лабораторияларга жөнөтүү;
  • Бөлүмдүн лабораториясында экспресс анализдерди жүргүзүү;
  • Сууга, жер кыртышына, абага, флорага жана фаунага экологиялык мониторинг жүргүзүү;
  • Калдыктарды жөндөө программасына катышуу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.