ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын стратегиялык өнүгүү жана пландоо, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Инженер-механик” багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office, AutoCAD программаларын билүү;
  • Англис тилин мыкты билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Бардык жабдууларды диагностикалоо боюнча жазууларды жүргүзүү;
  • Жабдууларды диагностикалоо жана көзөмөлдөө жыйынтыктары жөнүндө жетекчиликке билдирүү.
  • Өндүрүштүк жана эмгек тартибин, эмгекти коргоо жана коопсуздук техника, айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуш ордуларында өрт коопсуздугу эрежелерин сакталышын камсыздоо;
  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жумуштун жүрүшү, аныкталган бузулуулар, окуялар, ишке ашпаган окуялар ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат берүү.
  • Компания тарабынан каралган окууларды өтүү;
  • КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.