ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 18 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Инженердик-геологиялык бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Жер алдындагы кендерди иштетүү”, “Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери”, “Пайдалуу кен-байлыктарынын геологиясы”, “Гидрогеология”, “Өнөр жайлык жана жарандык курулуш” багыттарында жогорку билимге ээ болуу (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү) ;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office, AutoCAD программаларын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык, тартиптүүлүк жана стресске туруктуулук;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер:

  • Геодезиялык приборлорду изилдөө, аспаптарды жана аларды колдонууну үйрөнүү жана өздөштүрүү;
  • Геодезиялык аспаптарды пайдаланып коопсуз маркшейдердик съемка жасоо жана картадан чыгаруу;
  • Ишенимдүү натыйжаларды алуу үчүн шлам үлгүлөрүн тандап алуу методологиясын изилдөө;
  • Карьердин бооруна байкоо чекиттерин орнотуу жана съемка жүргүзүү боюнча нускамаларга ылайык жумуштарды коопсуз аткаруу, пъезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана съемка жүргүзүү;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу.
  • Кендин долбоордук геологдору, гидролгеологдору жана инженерлеринин иши менен таанышуу;
  • Тоо-кен иштерин жүргүзүү пландарын түзүү методикасын өздөштүрүү;
  • Иш кагаздар менен иштөө:

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

Төмөндөгү шилтемеге өтүп, анкетаны толтурууга жана керектүү докуметтерди тиркөөго болот. Анкетаны толтуруу, 2022 жылдын 9 март, саат 17.00гө чейин мүмкүн.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.