ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 05 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Курулуш” (өнөр жай-жарандык, гидротехникалык, ж.б. тармагы артыкчылыкка ээ), “Тоо-кен иши”, “Энергетика”, “Метрология жана стандартташтыруу” багыты боюнча жогорку билим (2016-жылдан 2021-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат;
  • Компьютерде иштей билүү жана MS Office программасын билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;

Милдеттер:

  • Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн архивин системалоо.
  • Нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн документтерин архивдөө.
  • Тоо-кен өндүрүшү, металлургия жана калдыктарды жөндөө чөйрөсүндөгү нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
  • Шаарды пландаштыруу чөйрөсүндөгү нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
  • Техникалык түзүлүштөрдү сыноо, каттоо жана техникалык текшерүү учурунда нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү;
  • Приборлорду, өлчөө каражаттарын, радиостанцияларды ж.б. колдонууда нормативдик базаны сактоо боюнча иш ыкмаларын изилдөө жана түшүнүү ж.б.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 22-август саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.