ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА ПРОГРАММАСЫ

Жарыяланган: 22 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФтын БЧАжА (байкоо-ченегич алеттер жана автоматташтыруу) бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар: 

  • “Өлчөө алеттери жана аппаратурасы”, “АСУ ТП системаларынын инженери” багыттарынын биринде жогорку билимге ээ более (ЖОЖду 2021-жылы бүтүрүү);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өтүүсү артыкчылыкка ээ болот;
  • Инструменттер жана өлчөө алеттер (тестер) менен иштей билүү;
  • Базалык билимдери болуу, электр жана электрондук схемаларды окуй билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;

Милдеттер: 

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • Өндүрүштүк тапшырмалардын өз убагында, толук жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо;
  • Бригаданын курамында иштөө;
  • ППИ аткаруу, алеттерди жана аппаратуранын оңдоп-түзөө иштерин аткаруу;
  • Өлчөө алеттери жана аппаратуранын техникалык тейлөөсү, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системалары менен таанышуу жана окутуу;

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү-2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.