2022-жылы 100дөн ашык жаш адистер “Кумтөр” компаниясына стажировкага кабыл алынды

2022-жылы 100дөн ашык жаш адистер “Кумтөр” компаниясына стажировкага кабыл алынды

Жарыяланган: 20 June 2022

Бул жылы дагы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн стажировка жана студенттер үчүн жайкы практика программаларына катышууга рекорддук сандагы арыздарды кабыл алды. 2022-жылдын январынан бүгүнкү күнгө чейин КГКга 74 жаш бүтүрүүчү стажировкага кабыл алынган. Учурда кабыл алуу уланууда. Тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн кийин дагы 30га жакын стажер ишке тартылат. Быйыл жайкы практикага 43 студент кабыл алынды. Дагы 8 практиканттын орду үчүн тандап алуу сынактары жүрүүдө.

2021-жылдын июль айынан азыркы учурга чейин ЖОЖдордун 166 бүтүрүүчүсү компанияга эки жылдык стажировкага кабыл алынган. Алардын ичинен өзүн эң мыкты жагынан көрсөтө алган 26 стажер компанияга ишке алынды. Ал эми өткөн жылы 80 студент 3 айлык практикадан өтүшкөн.

– “Кумтөргө” кирүү – менин кыялым болчу. Лекциялар, семинарлар бул жактагы өндүрүштөгүдөй билимди бере албайт, – дейт КГКнын Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн стажеру Арген Элебесов.

Белгилей кетүүчү жагдай, стажерлордун арасында чет элдик жогорку окуу жайларын бүтүргөндөр көп. Чет жакта калуу сунуштарына карабастан, алар алган билимин Мекенине, өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө жумшоону чечишкен. “Кумтөрдө” иштөө мүмкүнчүлүгү дагы алар үчүн чоң дем болду.

Кенде ар бир стажер, практиканттарга баш-көз болуп турган насаатчылар бар. Алар  билимин жана профессионалдык тажрыйбасын жаштарга чын дили менен бөлүшүп келет. Жаштар менен иштөө эки маанилүү стратегиялык максатты көздөйт. Биринчиси, атайын кесиптеги жумушчулардын кадыр-баркын арттыруу жана “Кумтөрдү” келечекте Кыргызстандын тоо-кен тармагы үчүн кадрлар мектебине айландыруу. Өз кесибине алгачкы кадамдарын таштап жаткан стажерлер, келечекте республикабыздын жаңы кендерин өздөштүрүүчү адистердин  кадрдык резервди толукташат.