КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АДИС

КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АДИС

Жарыяланган: 30 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА АДИС

Билдирүүнүн номери: KGC-22-272

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Камсыздандыруу маселелери боюнча бөлүмдүн ишин камсыз кылуу: документ жүгүртүү, отчеттуулук, пландоо;
  • Камсыздандыруу келишимдерин, эсептерди, актыларды, камсыздандыруу окуялары жөнүндө билдирүүлөрдү, камсыздандыруу тизмелерине киргизүү/чыгарууларды даярдоо;
  • Аналитикалык отчетторду, баяндамаларды, презентацияларды даярдоо;
  • Камсыздандырууну башкаруу процессин жүргүзүүнү уюштуруу боюнча тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу;
  • Камсыздандыруу стандарттарын жана принциптерин/процесстерин ишке ашыруу үчүн Компаниянын бөлүмдөрү менен кызматташуу;
  • Камсыздандыруу продуктылары боюнча рынокту изилдөө жана сунуштарды даярдоо;
  • Камсыздандыруу маселелери боюнча артыкчылыктуу тапшырмаларды биргелешип ишке ашыруу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку билим (финансы-экономикалык/камсыздандыруу иши);
  • Камсыздандыруу мыйзамдарын, камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрүн билүү;
  • Камсыздандырууну,чыгымдарды жана камсыздандырууга чейинки текшерүүлөрдү жөнгө салууну, брокердик ишкердикти, камсыздандыруу премияларын жана суммаларын эсептөөнү уюштуруу процесстерин түшүнүү;
  • Документтер менен иштөө тажрыйбасы: келишимдерди даярдоо, актыларды түзүү, реестрлерди жүргүзүү;
  • Сатып алуу процедуралары менен иштөө, камсыздандыруу келишимдерин түзүү, камсыздандыруу боюнча тажрыйбасы;
  • Ишкердик кат алмашуу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча жогорку деңгээлде даярдыгы болуу;
  • MS Office программасынын (Word, Excel, PowerPoint) жакшы колдонуу;
  • Камсыздандыруу тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 13-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-272.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.