ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 10 September 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-сентябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Химия, химиялык технология (инженерия), гидротехника, физика, тоо-кен иштери, металлургия багыттары боюнча жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү;
  • Лабораториялык жабдууларды (майдалоочу-талкалоочу орнотмолор, плотномерлер, ж.б.) билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Химиялык реагенттер менен иштей билүү;
  • Компьютердик көндүмдөрдү колдонуучу деңгээлинде билүү (MS Office пакети);
  • Аллергиялык оорулардын жоктугу;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.

Милдеттер:

  • Такшалмадан өтүү мезгилинде дайындалган жооптуу кызматкердин тапшырмаларын аткарат;
  • Инспекция бөлүмүнүн жана аналитикалык лабораториянын ишмердүүлүгүнүн бардык процесстерин үйрөнөт: лабораторияга келип түшкөн геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдү каттоо, сорттоо, кургатуу, электик талдоо жүргүзүү жана эритүүгө даярдоо;
  • Топурактын гранулометриялык курамын, тыгыздыгын жана нымдуулугун аныктоо максатында үлгүлөрдү тандап алып, тиешелүү сыноолорду жүргүзөт;
  • Өзүнүн компетенциясынын алкагында жумуш ордундагы иштердин коопсуз жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча талаптарды сактайт.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтор кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2026-жылдын 28-сентябрьда саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.