ИШКЕРЛЕР ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК СЕССИЯ

ИШКЕРЛЕР ЖАНА КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК СЕССИЯ

Жарыяланган: 19 August 2017

КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫК

Товарлардын номенклатурасын кеӊейтүү жана потенциалдык өнөктөштөрдү тартуу максатында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКу ишкерлерди жана коммерциялык уюмдарды маалыматтык сессияга чакырат
Сессияда төмөнкү суроолор каралат:

• Компаниянын сатып алууларын серептөө;
• Компаниянын материалдарга, товарларга жана кызматтарга болгон муктаждыгы;
• Сатып алынган продукцияга жана жеткирип берүүчү уюм боюнча коюлган талаптар;
• Сатып алуу процедурасы

Катышуучулардын саны чектелген. Катышуу үчүн билдирмелерди төмөнкү электрондук дарекке: Kumtor_localbuyer@kumtor.com «Тема» («Subject») боюнда «Маалымат сессиясы» деп жазып 2017-жылдын 8-сентябрына, саат 17:00 чейин жөнөткүлө.

Билдирмелерде мекеменин/юридикалык жактын толук аты, мекемененин ишмердиги тууралуу кыскача маалымат, катышуучулар тууралуу профилдик маалымат, телефон номерлерин жана электрондук адрестерин камтыган байланыш маалымат көрсөтүлүүсү зарыл.

Бир мекемеден эӊ көп дегенде 2 өкүл катыша алат.

Маалымат сессиянын өтүү дареги жана убактысы түшкөн билдирмелер каралган соӊ айтылат.