«Кумтөр Голд Компани» муктаж коомчулуктарга гуманитардык жардам берди

«Кумтөр Голд Компани» муктаж коомчулуктарга гуманитардык жардам берди

Жарыяланган: 20 February 2018

«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл жана Чүй облустарында муктаждыктагы үч коомчулукка гуманитардык жардам берди. Өткөн жумада 180 миң сомдой суммага үч жүздөн ашык азык-түлүк топтомдору компаниянын кызматкерлери даректүү таратып берди.

Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иш-чаралары боюнча КГК комитет мүчөлөрү Чүй облустук «Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Коому» коомдук бирикмеси өкүлчүлүгүнөн, Балыкчы шаардык дүлөйлөр менен азиздердин баштапкы коомдук уюмунан жана ошондой эле «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фондунан келген суроо-талаптарын канаттандыруу жөнүндөгү чечим кабыл алынган.
«Кызыл Жарым Ай Коому» коомунун камкордукка алынгандарына 200 азык-түлүк топтомун кызматкерлердин арасынан чыккан ыктыярчылар өздөрү Токмок жана Кара-Балта шаарларына барып тапышрган. Кызматкерлер азык-түлүк топтомдорун дагы үстүнөн кошумчалап, толуктап, ал күндү толугу менен пенсионерлер менен өткөрүштү.
Компаниянын Балыкчы өткөөл базасынын кызматкерлери Дүлөйлөр менен азиздер коомунан келген суроо-талабына кайдыгер калган жок. Балыкчыда жашаган Коомдун мүчөлөрүнө 108 азык-түлүк топтомун жеткирип беришти.

«Жетим балдардын укугун коргоо» КФ Беловодскинин, Токмоктун жана Ош облусунун балдар үйлөрүнө 60 тутум кагаз жалаяк алды. Жеткирип берүү менен таратууну Фонддун өкүлдөрү өз колуна алган.
«Кумтөр» ишканасы биздин коомдун мүчөлөрүнө көп жылдан бери жардам көрсөтүп келет. Кызматташкан жылдар ичинде компания биздин кеңсени оңдоп түзөөнү каржылап, керектүү материалдарды жана жабдууларды берип турган. Ден-соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга чакан майрамдарды уюштуруп берүүгө жылыга жардам берет. Биз компанияны ар дайым колдоого даяр, ишеничтүү өнөктөш катары көрөбүз”- деп белгиледи Балыкчы шаардык коомдун төрагасы Эдик Шекенов.

Маалымат үчүн: «Кумтөр Голд Компани» 2015-жылдан бери «Жетим балдардын укугун коргоо» КФнын бир катар иш-чараларына көмөтөшөт, анын ичинде: балдар үйүндөгү бөбөктөрдү гуманитардык жардам менен камсыздоо, жаңы-жылды майрамдоого белектерди сатып алуу жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн билим берүү долбоорун колдоо. «Кыргызстан азиздер коому жана Кыргызстан дүлөйлөр коомунун» Балыкчыдагы баштапкы уюму компаниядан 2013-жылдан бери колдоо көрүп келет. Коом техникалык колдоо түрүндө керектүү жабдууларды, кеңсе техникасын, эмерек жана азык-түлүк топтомдорун алган. 2013-жылы компаниянын каражатына кеңсеси толук оңдолгон.