«HITACHI EX 3600 КАРЬЕРДИК ЭКСКАВАТОРЛОРУНУН ГИДРАВЛИКАЛЫК СИСТЕМАЛАРЫ» ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨНҮ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТЕХНИКАЛЫК ОКУТУУ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

«HITACHI EX 3600 КАРЬЕРДИК ЭКСКАВАТОРЛОРУНУН ГИДРАВЛИКАЛЫК СИСТЕМАЛАРЫ» ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨНҮ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ТЕХНИКАЛЫК ОКУТУУ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 11 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сиздерди «Hitachi EX 3600 карьердик экскаваторлорунун гидравликалык системалары» программасы боюнча Техникалык тейлөөнү башкаруу бөлүмүнүн кызматкерлерин техникалык окутуу боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө баа сунуштарын берүү сурамына катышууга чакырат.

Сатып алуунун предмети

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын механиктерин/диагностторун«Hitachi EX 3600 карьердик экскаваторлорунун гидравликалык системалары» программасы боюнча кесиптик окутуу кызматтарын көрсөтүү жана техникалык тапшырманын талаптарына ылайык (№1 Тиркеме) окуунун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттарды берүү.

Сунуштарды берүү форматы

Катышуу жөнүндө арыз жана башка документтер сунушту жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы зарыл.

Сунуштарды берүү тартиби

Тандоого катышуучулар ушул сурамдын талаптарына ылайык орус же кыргыз тилинде катышуу жөнүндө арызды даярдап, талап кылынган документтерди тиркеп, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө тийиш:

[email protected]

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 18-сентябры, саат 14:00гө чейин.

Техникалык тапшырма ушул документке тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (№1 Тиркеме).

Катышуу жөнүндө арыз төмөнкү документтерди камтууга тийиш

Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • бир кызматкерди окутуунун наркы жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы баасы көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;
  • Hitachi Construction Machinery компаниясынын расмий дилери же ыйгарым укуктуу сервистик өнөктөшү экендигин тастыктаган документ;
  • оригиналдуу Hitachi диагностикалык жабдууларынын бар экендигин тастыктоо;
  • инструкторлор жөнүндө маалымат жана жарактуу Hitachi сертификаттарынын көчүрмөлөрү;
  • Hitachi EX сериясындагы карьердик экскаваторлор боюнча окутуу тажрыйбасынын сүрөттөлүшү;
  • окуу планы жана окутуу программасы;
  • сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Кызмат көрсөтүүгө карата негизги талаптар

Аткаруучу төмөнкү багыттар боюнча окутууну камсыз кылууга тийиш:

  • Hitachi EX 3600 экскаваторунун гидравликалык системасынын түзүлүшү жана иштөө принциби;
  • негизги гидравликалык компоненттердин түзүлүшү: насостор, гидромоторлор, бөлүштүргүчтөр, клапандар жана гидроцилиндрлер;
  • гидравликалык агрегаттарды техникалык тейлөө;
  • Hitachi адистештирилген программалык камсыздоосун пайдалануу менен диагностика жүргүзүү;
  • гидравликалык системанын параметрлерин жөнгө салуу жана тууралоо;
  • гидравликалык компоненттерди оңдоо жана алмаштыруу;
  • типтүү мүчүлүштүктөр жана аларды жоюу ыкмалары;
  • электрдик жана гидравликалык схемалар, ошондой эле оригиналдуу техникалык документтер менен иштөө.

Окутуунун теориялык жана практикалык бөлүктөрү өткөрүлүүгө тийиш. Өткөрүлүүчү жер тараптардын макулдашуусу боюнча аткаруучунун же заказчынын аймагында аныкталат.

Баалоо критерийлери

Сунуштар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы жана төлөө шарттары;
  • оригиналдуу Hitachi диагностикалык жабдууларынын болушу;
  • инструкторлордун квалификациясы жана Hitachi сертификаттарынын болушу;
  • Hitachi EX сериясындагы карьердик экскаваторлор боюнча окутуу өткөрүү тажрыйбасы;
  • окутуу программасынын техникалык тапшырманын талаптарына шайкештиги.

«Баа сунуштарын суроо – Hitachi EX 3600 карьердик экскаваторлорунун гидравликалык системалары» деген тема менен сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 18-сентябрына чейин жөнөтүү зарыл.

Заказчы төмөнкү укуктарды өзүнө калтырат:

  • каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга;
  • келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмесиз жокко чыгарууга.

Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар каралбайт.

Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуш берилгенден кийин ага өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилбейт.

Коммерциялык сунуш катышуучунун расмий бланкында даярдалып,«Кумтөр Голд Компани» ЖАКка даректелип, ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп жана (болсо) мөөр менен күбөлөндүрүлүп, PDF форматында берилүүгө тийиш.

Тандоого катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Коммерциялык сунушту берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сынактын сунушунун жарактуулук мөөнөтү ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул тандоо боюнча бардык суроолорду [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү зарыл.

Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүүгө тийиш.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА