«Кумтөр» компаниясынын оор техникасын техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» сменинин кызматкерлери, Ысык-Көл областынын эки балдар үйүнө жардам көрсөттү

«Кумтөр» компаниясынын оор техникасын техникалык жактан тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» сменинин кызматкерлери, Ысык-Көл областынын эки балдар үйүнө жардам көрсөттү

Жарыяланган: 21 February 2018

2017-жылдын ноябрында «Кумтөр» компаниясы өткөргөн «Коопсуздук Техникасы боюнча айлык» сынагынын жыйынтыгы боюнча, оор техниканы тейлөө бөлүмүнүн «В-1» жана «В-2» нөөмөтүнүн шина монтировщиктери жалпы суммасы 50 миң сомдук эки сертификат алышты. Шинамонтаждык участок кызматкерлеринин чечими менен, уткан сумманы толугу менен кайрымдуулукка жумшоо чечилди. «Кумтөрдүн» өнөктөшү – «Хелпер» компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте кошумча 10 миң сом жыйналды.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 60 миң сомго Ысык-Көл областындагы Кызыл-Суу айылындагы «Келечек» жана Ак-Булак айылындагы «Мээрим булагы» балдар үйлөрүнө ар түрдүү тиричилик техникасы түрүндө жардам көрсөтүү чечилген.

2018-жылдын 11-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Келечек» балдар үйүнө барышып, ал жерге кир жуучу машина, электр меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.

2018-жылдын 12-февралында «Кумтөрдүн Элчилери» «Мээрим булагы» балдар үйүнө барышып, ал жерге газ меш, чаң соргуч, үтүк, чайнек, шейшептерди жана таттууларды жеткирип беришти.