ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “АВТОТЕСТИРЛӨӨ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫ

ӨНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН “АВТОТЕСТИРЛӨӨ” ТОБУНУН БАШЧЫСЫ МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ДИРЕКЦИЯСЫ

Жарыяланган: 12 January 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

 Өнүгүү башкармалыгынын “Автотестирлөө” тобунун башчысы Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

 Билдирүүнүн номери: KGC-22-003

 КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

 Тест-сценарийлерди, скрипттерди иштеп чыгуу жана иштеп чыккан жана ишке киргизилген программалык камсыздоолордун автотестирлөөсүн өткөрүү;

  • МТ Системасынын автотестирлөө боюнча өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу жана макулдашуу;
  • Автотестирлөө боюнча стандарттар менен эрежелерди макулдашуу жана иштеп чыгуу;
  • МТ Системаларын оптималдаштыруу жана автоматизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
  • МТ Системаларынын программалык камсыздоосун автотестирлөө процессин өнүктүрүү максатында Өнүгүү башкармалыгынын башка топ башчылары менен МТ долбоорлору жана тапшырмалары боюнча өз ара аракеттешүү;
  • Жалпы топтун ишин жетектөө;
  • “Автотестирлөө” тобунун жумушчулары ортосунда тапшырмаларды бөлүштүрүү;
  • Топтун иш планын аткаруу тууралуу отчетту тапшыруу;
  • Компаниянын бизнесс-процесстеринин функцияларына программалык камсыздоонун шайкештик даражасын талдоо;

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– маалымат системалары чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларында иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);

– колдонмо программалык камсыздоосунда тест-скрипттерди долборлоо жана иштеп чыгуу боюнча 3 жылдан кем эмес (“Back end иштеп чыгуу” жагында артыкчылыкка ээ).

– МТ долбоорлорунда жана тапшырмаларында Башкы тестировщик кызматында – 3 жылдан кем эмес;

– автотестирлөө системасында;

– маалыматтык технологиялар,  программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу (ITIL, AGILE).

– булуттук технологиялар (IaaS, PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– стандарттар, процесстер, иштеп чыгуу, тестирлөө инструменттери, процесстердин метрикаларын жана коддун сапатын аныктоо (CI /CD, DevOps техникалык практикалар, Open Stack);

– бизнес-системалардын иши (Финансы, Сатып алуулар, Кампа, Техтейлөө, Өндүрүш), тоо-кен ишмердиги, металлургия – артыкчылыкка ээ;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто деңгээлден жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 26-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-003.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.