Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу «Кумтөр» кен ишканасында болушту

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу «Кумтөр» кен ишканасында болушту

Жарыяланган: 19 September 2011

2011-жылдын 19-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Дастан Бекешов, Абдыжапар Бекматов, Замир Алымбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусуп Бошкоев жана аларды коштогон адамдар «Кумтөр» кен ишканасында болушту. Иш сапары «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жетекчилиги тарабынан өлкөнүн парламентинин ар кайсы фракцияларынын депутаттарынын ишканадагы чыныгы абалды өз көздөрү менен көрүү үчүн алтын кенине баруу өтүнүчүнө жооп иретинде уюштурулган. Белгилей кетсек, бул быйылкы жылы «Кумтөр» кен ишканасына иш сапары менен барышкан экинчи депутаттык топ.

Эл өкүлдөрү ишкананын ишине, социалдык-тиричилик шарттарына, коопсуздук техникасына, кен ишканасынын пландык көрсөткүчтөрүнө кызыгышты. Баргандар кен ишканасынын бардык маанилүү өндүрүштүк объектилеринде болушту. Меймандар руданы казып алуунун жана кайра иштетүүнүн негизги өндүрүштүк этаптарын көрүштү, ачык карьерде, жер астындагы участокко түшүүчү жерде, алтын ылгоочу фабрикада болушту.

«Кумтөр» кен ишканасында 15 жыл мурда болгон КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Равшан Жээнбеков ишкананын ишмердүүлүгүнүн көптөгөн нерселери башка компаниялар үчүн үлгү болоорлук экендигин, өндүрүш эл аралык тажрыйбаны жана катуу стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөөрүн баса белгиледи. «Эң башкысы биз биринчиден, экологиялык нормалар сакталып жаткандыгына, экинчиден, коопсуздук техникасы сакталып жаткандыгына ынангыбыз келген. Үчүнчүдөн, биз калдыктарды сактоочу жай дүйнөлүк эрежелер менен тейленип жаткандыгына ынангыбыз келген. Иш сапарынын жүрүшүндө биз буга ынандык», – деп корутундулады Равшан Жээнбеков.

Иш сапарынын жыйынтыгы боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев мындай деп белгиледи: «Бүгүн «Кумтөрдүн» айланасында өтө көп имиштер бар, кенди иштетүүгө көптөгөн каршылаштар бар. Канадалыктар экологияны булгап жатышат дешет. Биз өндүрүштүк объектилерде болуу менен баары жайында экендигине ынандык. Кырдаал кайсы-бир жерлерде ашкере курчутулууда. Инвесторлордо тийиштүү корутундулар, экспертизалар бар».

Иш сапарынын жыйынтыктары боюнча өз таасирлери жөнүндө эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жыйындарынын биринде билдирүүгө ниеттенишүүдө.