Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынан жана ЖОЖдордун өкүлдөрүнөн турган топ “Кумтөр” кен ишканасында болушту

Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынан жана ЖОЖдордун өкүлдөрүнөн турган топ “Кумтөр” кен ишканасында болушту

Жарыяланган: 17 November 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКка тышкы башкаруу киргизилгенден бери кен ишканасында өндүрүштүк процесстерди жакшыртууга багытталган жаңы технологиялар менен ноу-хау издөөлөрү активдүү жүрүп жатат. Жакында эле Бишкекте компаниянын демилгеси менен “Билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү перспективалары” форуму өткөрүлдү, анын катышуучулары изилдөө институттары, ЖОЖдор жана ишканалар менен биргеликте аракеттешүү маселелерин талкуулашты. Мына эми анын найтыйжасында изилдөө институттары менен  ЖОЖдордун өкүлдөрүнөн турган биринчи топ кен жайга барып келишти.

Илимий коомчулуктун республиканын кен казып алуу секторуна сунуштары бар. Каржылоонун жетишсиздигине карабастан республикада чындыгында эле уникалдуу иштеп чыгуулар жүргүзүлүп жатат. Эми “Кумтөр” сыяктуу өнөр жай гиганты колдоо көрсөтсө, идеядан баштап ишке киргизүүгө чейинки жол бир топ кыскарат. Мисалы, КРСУнун коммуникация жана маалыматтык технологиялар институту электрондук системанын үстүндө иштеп жатышат, ал карьердик экскаватор операторлорунун эмгегин кыйла жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Уникалдуу мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн Компания кен жайда жер астында иштетүү ыкмасын баштоого даярданып жатат. Буга Улуттук илимдер академиясынын машина таануу жана автоматика институтунун адистери жардам берүүгө даяр. Улуу илимий кызматкер Эрмамат Абсаматовдун айтымында, бир нече жыл мурда илимий-изилдөө институтунда тоо-кен проходкалык иштердин наркын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген технологиясы патенттелген.

“Бургулоо-жардыруу жолу — бул проходканын циклдүү ыкмасы, анда алгач бургулоо, андан кийин жардыруу, андан кийин шамалдатуу жана үймөктөмө иштери жүргүзүлөт, ал эми биздин метод бир эле учурда иштетүү, жүктөө жана буруу иштерин камтыган жардыруусуз технологияны сунуштайт, башкача айтканда үч операцияны, бир эле технология камтыйт,” дет түшүндүрөт Эрмамат Абсаматов.

Коноктор кен казып алуунун жана руданы иштетүүнүн негизги өндүрүштүк этаптары менен таанышып чыгышты, ачык карьерде жана алтын ылгоо фабрикасында болушту. Сапардын катышуучуларынын айтымында, алар уникалдуу өнөр жай ишканасынын атмосферасы менен таанышып, жаңы идеялар жана позитивдүү энергия алышты.