«Карагат+» долбоорунун алкактарында Ак-Суу балдар үйүндө теплица пайда болду

«Карагат+» долбоорунун алкактарында Ак-Суу балдар үйүндө теплица пайда болду

Жарыяланган: 21 July 2014

Өткөн жума күнү Теплоключенко айылында Ак-Суу балдар үйүнүн территориясында инновациялык теплицанын ачылышы болуп өттү. Теплицаны түзүү «Кумтөр Голд Компанинин» финансылык колдоосу астында «АВЕП» коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан «Карагат+» долбоорунан улам мүмкүн болду.
Ачылуу аземине Ак-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдөрү, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, «Кумтөр» компаниясынын жана «АВЕП» фондусунун кызматкерлери катышты. КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана «АВЕП» КФсынын директору Максат Абдыкапаров кызыл лентаны кесүү менен Балдар үйүндөгү теплицаны расмий ачылганын жарыялашты.
Балдар үйүнүн территориясында регион үчүн инновациялык теплицаны түзүүнүн максаты – мекемени финансылоонун кошумча булагын камсыз кылуу, ошондой эле азыркы учурда саны 100дөй болгон тарбиялануучуга жыл бою экологиялык таза жашылчалар менен тамактануу мүмкүнчүлүгүн берүү. Теплицанын жалпы аянты – 112 чарчы метр.
«Карагат+» долбоорунун өкүлдөрү балдар үйүнүн кызматкерлерине теплица чарбасын өнүктүрүү үчүн техникалык колдоо көрсөтүшөт, ошондой эле мындай шарттарда өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча бир катар консультацияларды өткөрүшөт.

Маалымат үчүн:

«Кумтөр» компаниясынын «АВЕП» коомдук фондусунун биргелешкен үч жылдык долбоору – «Карагат +» жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана жашылча-жемиш рыногунун потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээкке басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багытталган долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаңы жогорку түшүмдүү, суукка жана илдеттерге туруктуу сортторун өстүрүү технологияларына окутат. «АВЕП» фондусунун адистери айыл чарба өсүмдүктөрүнүн питомниктерин, теплицаларын жана кабыл алуу пукттарын түзүүгө көмөк көрсөтөт. Өзгөчө көңүл алар продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жолго салып жана өстүрүлгөн жемиштерден пайданы жогорулата алуусу үчүн фермерлерди маркетингдин негиздерине окутууга бөлүнмөкчү.
«АВЕП» коомдук фонду – КРнын элет региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү максатында эл аралык уюмдардын кеңири спектри, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектор менен иштөөчү борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясый эмес уюм.