Балыкчы шаарындагы бала бакчада күнөскана курулду

Балыкчы шаарындагы бала бакчада күнөскана курулду

Жарыяланган: 03 November 2015

29-октябрда Ысык-Кɵл облусунун Балыкчы шаарындагы «Балажан» бала бакчасында күнөскананын салтанаттуу ачылышы болду. Күнөскана «Кумтɵр» компаниясыннын каржылоосу менен, «Авеп» коомдук фонду жүзɵгɵ ашырып жаткан «Карагат +» программасынын алкагында курулду.

Күнөскананын ачылыш аземине Балыкчы шаарынын мэри Шамшудинов Сатыбек, шаардык кеӊештин тɵрагасы Бекбашов Данияр, шаардык кеӊештин депутаттары, шаардык билим берүү бɵлүмүнүн, «Кумтɵр Голд Компанинин» жана «Авеп» КФнын ɵкүлдɵрү катышты. 115 чарчы метр аянттагы күнөскананын жалпы наркы 567 589 сом болду.

«Бүгүн шаарыбызда эӊ сонун окуя – күнөскананын ачылышы өтүүдө, бул шаарыбыз үчүн жаӊылык. Күнөскана куруу – бул башкы максат эмес, эми мындан ары Күнөскана жигердүү иштеп, жемишин берип жана пайда алып келиши үчүн тырышып иштɵɵ, дайыма карап туруу керек»,- деп белгиледи Балыкчы шаарынын мэри Сатыбек Шамшудинов.

«Бул биз үчүн чоӊ жетишкендик, бакчабызда 130 бала тарбияланат жана биз балдарыбыз кышында жаӊы жашылча жана витаминдер менен камсыз болуп, дени да сак болот деп тиленебиз. Балдардын дени сак болсо, улуттун да дени сак болот», – дейт «Балажан» бала бакчасынын директору Кенжегүл Идрисова.

«Карагат +» программасынын алкагында күнөскана чарбасын ɵнүктүрүү компоненти боюнча калкты коопсуз азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн Ысык-Кɵл облусунда күнөсканаларды ɵнүктүрүү боюнча иш жүргүзүлүүдɵ. Программа иштеген мезгил ичинде аймакта балдар үйлɵрүндɵ, бала бакчаларда жана мектептерде 11 күнөскана курулган»,- дейт «Авеп» коомдук фондусунун директору Нурлан Токонов.

«Кумтɵр» компаниясынын жана «Авеп» коомдук фондусунун биргелешкен «Карагат+» үч жылдык программасы жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана жашылча-жемиш продукциясынын рыногунун потенциалын кеӊейтүүгɵ багытталган. Жүзɵгɵ ашырылуу аймагы – тескейге басым жасалуу менен Ысык-Кɵл облусу. Бул экологиялык багыттагы программанын алкагында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жогору түшүмдү, үшүккɵ жана илдеттерге туруктуу жаӊы сортторун ɵстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун инновациялык ыкмаларына окутат. «Авеп» фондусунун адистери айыл чарба продукция питомниктеринин, күнөсканалардын жана кабыл алуу пунктуларынын тармагын түзүүгɵ кɵмɵк кɵрсɵтүшɵт. Долбоор жɵнүндɵ кеӊири маалымат.

Маалымат үчүн: «АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет аймагын туруктуу жана инновациялык ɵнүктүрүүгɵ натыйжалуу кɵмɵктɵшүү максатында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеӊири спектри менен кызматташуучу Борбор Азиялык бейөкмөт жана саясый эмес уюм.