«Кумтөр Голд Компанинин» стипендиялык программасынын №27 кесиптик лицейдеги бүтүрүүчтүлөрү көз карандысыз аттестациядан өтүштү

«Кумтөр Голд Компанинин» стипендиялык программасынын №27 кесиптик лицейдеги бүтүрүүчтүлөрү көз карандысыз аттестациядан өтүштү

Жарыяланган: 29 June 2016

2016-жылдын 24-июнунда №27-кесиптик лицейдеги «Кумтөр Голд Компанинин» стипендиялык программасынын бүтүрүүчүлөрү «Кесиптик-техникалык билим берүү жана жумуштуулукка кѳмѳктѳшүү» программасынын алкагында көз карандысыз сертификациядан өтүштү. Аталган программа КРдин Соода-ѳнѳр жай палатасы, КРдин билим берүү жана илим министирлиги, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, Эл аралык кызматташуу боюнча германдык коому (GIZ) жана Sequa Компаниясы (Германия) менен биргеликте жана «Кумтөр Голд Компанинин» катышуусунда өткөрүлдү.

Көз карандысыз аттестациянын эрежесине ылайык, кабыл алуу комиссиянын курамына бүтүрүүчүлөр окуган ЖОЖдордо иштебеген гана эксперттер жана адистер тартылат. Бул сапар «Кумтөр» компаниясынан Тарас Жириль менен Вадим Безносенко өкүл болушту.

Көз карандысыз аттестациянын сертификаттары долбоордун бардык катышуучулары тарабынан тастыкталат жана КМШ өлкөлөрүндө жарамдуу. Өз кезегинде бул жумуш издөөдө адистерге атаандаштык артыкчылыгын берет. Ошондой эле кызматкерди жалдоодо адистигинин тийиштүү деңгээлине кепилдик болуп, персоналды тандоодо жеңилдик болот.

«№27 кесиптик лицейдин дипломунан сырткары көз карандысыз аттестациянын сертификаты Кумтөргө жумушка орношуума көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет деген үмүттөмүн. Мен башынан ал жакта иштөөнү максат кылгам. Кошумча мүмкүнчүлүк берилгенине ыраазымын. Эгер кааласам, коңшу өлкөлөрдөн башкалардан айырмаланып тез эле иш таап кете аларыма да кубанам. Анткени билимим жана көндүмдөрүм көз карандысыз эксперттер тарабынан тастыкталды»- деп лицейдин бүтүрүүчүсү Султаналиев Рүстөм белгиледи.

Окуу жайдын директору Игорь Маньковский билдиргендей, аталган программага катышуу адистерди даярдоодо кошумча чоң жоопкерчилик жүктөйт. «Биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуудага дайыма умтулабыз. Аттестациянын көз карандысыз болгону жана биздин бүтүрүүчүлөрдүн көндүмдөрү келечектеги жумуш берүүчүлөр тарабынан бааланышы бизди мындан да мыкты иштөөгө түртөт»-деп, белгиледи ал.