КЕН КАЗЫП АЛУУ ЖАНА ЭКОЛОГИЯ. ИНВЕСТОРЛОР КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТИП ЖАТКАНЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

КЕН КАЗЫП АЛУУ ЖАНА ЭКОЛОГИЯ. ИНВЕСТОРЛОР КЫРГЫЗСТАНДАН КЕТИП ЖАТКАНЫНА КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?

Жарыяланган: 23 January 2012

Эмилю Шукуров - эколог, профессор, заслуженный деятель науки Кыргызстана
Акыркы мезгилде республикада курчап турган чөйрөнү коргоо темасы улам курч жана актуалдуу болуп баратат. Тигил же бул өнөр жай объектилерин курууга каршы багытталган экологиялык митингдер, жүрүштөр, пикеттер, коомчулуктун башка каршылык акциялары үзгүлтүксүз мүнөзгө ээ болуп барат. Эми айрым активисттер Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол магистралынын курулушуна каршы чыгышууда. Жакында ансыз шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыздоого мүмкүн болбогон Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушуна каршы митинг болсо да ал эч кимди таң калтырбай калса керек.
Ошол эле учурда ЖЭБ – бул өтө түтөгөн, кара ышты чыгарган объект. Бирок, бир нече жыл мурда Берлинде болгонумда мен турак үйлөрдөн бир көчө ары жакта турган ЖЭБде болгонмун. Түтүн да, ыш да жок. Ырас, ал ЖЭБ жаратылыш газы менен иштейт экен. Мүмкүн, ушундай билгичтик мамиле, эң заманбап технологияларды, атайын фильтрлерди колдонуу менен өнөр жай объектилеринин гана эмес, ошондой эле тоо-кен тармагынын объектилеринин да терс таасирин реалдуу жокко чыгаруу керектир?
Ушул суроо менен биз белгилүү эколог, профеесор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Эмил Шүкүровго кайрылдык.

Адам жана жапайы жаратылыш
– Сизди дароо эле капалантайын: адамдын бардык ишмердүүлүгү жапайы жаратылышка терс таасирин тийгизет. Шарттуу айтканда тоо-кен казып алуу жана экология проблемаларын чечүүдө көңүлгө ала турган үч эң маанилүү фактор бар. Бул – саясий, экономикалык жана психологиялык фактор. Бүгүн биз экология чөйрөсүнө тиешелүү нерселердин баарында бийликтерге ишеним кризисин көрүп турабыз. Эгерде кандайдыр-бир долбоордун жакшы экономикалык көрсөткүчтөрү болсо да, бул анын жалпысынан – саясий өңүттө же калктын ага психологиялык мамилесинде оң мааниге ээ болот дегенди билдирбейт. Инвестор акчаларын ушул жерге жана азыр салып жатканы, а өлкө кесепеттерге эртең жана биротоло ээ боло тургандыгы жөнүндө өзүңө отчет берүүң керек.
Биз азырынча, “Кумтөрдү” эске албаганда, инвестордун калкты маалымдоо боюнча жана региондун жана конкреттүү калктуу пункттардын өнүгүшүнө каражаттарды салуу боюнча максаттуу ишин көрбөй турабыз. “Кумтөр” муну узак мезгилден бери үзгүлтүксүз жасап келет, салымдардын суммасы жылына 8 миллион долларга чейинди түзүүдө. Бул өтө олуттуу салымдар, бирок, ошол эле учурда мамлекет, өзгөчө төмөнкү деңгээлде, экологиялык чөйрөдөгү кырдаалды нормага келтирүү жана түшүндүрүү үчүн эч нерсе жасабай жатканы бүгүн эле түшүнүктүү. Мына ошондуктан ошол эле Талас областынын жергиликтүү тургундары тигил же бул кенди иштетүү боюнча иштердин башталуусуна жол бербөө үчүн аргасыз мыйзамга каршы кадамдарды жасашууда. Мен бул кырдаалды жакшы билемин.

Талас областынын жашоочуларынын проблемалары

– Айрым айылдардын жашоочулары эмне үчүн өздөрүн мындай агрессивдүү алып жүрүп жатышкандыгы боюнча эмне айта аласыз?
– Мамлекеттин инвесторлорго карата максатка багытталган саясатынын жоктугунан улам биздин кендер бир нече жолу жана бир нече жылдап колдон колго өтүп келет. Бир инвестор ишин баштап, жергиликтүү жашоочуларга белгилүү бир жеңилдиктерди жана ишке орноштурууну убада кылып бүтө электе башка иштетүүчүлөр келип калышат. Эч кандай ырааттуулук жок. Калк менен эч ким эсептешпейт…

– Жергиликтүү жашоочуларды чоң айлыктары бар ишке кабыл алышууда
– Мунун эки жагы бар. Бирөөлөрдү ишке алышат, анан алар жакшы акча табышат, а экинчилер ишсиз жана акчасыз отурушат. Бул адилетсиздик жана ичи тардыкты, жаман көрүүнү жаратат. Мунун баары – мамлекеттин жер казынасын иштетүү тармагындагы так-даана саясатынын жоктугунун натыйжасы. Инвестор регионду өнүктүрүүгө бөлгөн каражаттар тигил же бул кен ишканасына жакын жайгашкан конкреттүү айылдарга, конкреттүү жашоочуларга жетиши үчүн так механизм керек. Жада калса “Кумтөр” бөлгөн акчалар да алгач бюджетке түшөт, а андан кийин региондор боюнча бөлүнөт жана алар кандайча жумшаларын эч ким так айта албайт. Бул механизмди алмаштыруу керек – каражаттар конкреттүү айылдардын кокреттүү жашоочуларына даректүү барышы керек.
Кандайча өз ара аракеттенүү керек?

Ошол эле убакта көп учурда экологиялык проблемаларды апыртып жиберүү байкалат. Кээде адамдар бардыгы андан да жаман экенинен шек санашпайт. Бирок, аз эмес учурларда жергиликтүү жамааттардын талаптарынын чынында эле экологиялык коопсуздукка эч кандай тиешеси жок.

Тилекке каршы, дал ушул акыркы мезгилде дагы бир тенденция байкалууда. Каршы чыккандардын арасында кырдаалды жеке, корпоративдүү же саясий максаттарда пайдаланышкан адамдар жана уюшкан топтор пайда болушту. Мен азырга чейин Барскоон окуяларын унута албай келем. Авариянын айланасындагы кызык кулактыктыктардын саны өтө көп болгон – бийликтер, экологдор, калк тарабынан. А качан жергиликтүү жамаат жалпысынан чаташтырылган соң, айрым өкүлдөрдө өз пайдасын көздөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мисалы, өнөр жай объектисине алып баруучу трассаны алардын жер участоктору аркылуу салуусуна жана жерлерин эселеп кымбат сатып алуусуна жетишүүгө. Бул инвестициялык климатты начарлатаары талашсыз.

– Дооматтардын эң көбү “Кумтөргө” тие тургандыгы жашыруун эмес. Анын ишмердүүлүгүнө бардыгы көз салып турушат. Радиациялык булгоо үчүн да, экологияны бузгандык үчүн да, Ысык-Көл областынын жаратылыш дүйнөсүн бузгандык үчүн да айыпташат.
– “Кумтөргө” дооматтар ашыкча. Мен долбоор менен түздөн-түз таанышмын, атайын аны иликтегем. Көп учурда так фактылары жана документтери жок туруп, адамдар ар кандай түрдөгү кызыл кулактыктарды пайдаланышат. “Кумтөр” 4 000 метр бийиктикте турат, анда эч кандай продуктивдүү экосистемалар жок.
“Кумтөр” радиоактивдүү булгоону жүргүзбөйт. А азыктык тизмектерге Ысык-Көл котловинасынын экосистемасына зыян келтиргенчелик таасир этпейт. Ал анын чектеринен тышкары турат. “Кумтөр” жаратылышка өзүнө окшош ишканалардан көп зыян келтирбейт, бирок өз ишмердүүлүгүнүн экологиялык тарабына алардын баарынан көп көңүл бөлсө керек. Төмөн жакта, Ысык-Көл котловинасына жакын жердеги кырдаалды чыңдоо боюнча иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. “Кумтөр” жергиликтүү жашоочулар менен толук баалуу диалогду түзө алды жана дайыма аларга жардам көрсөтүүдө. Бирок бул жеке бир учур же эрежеден тыш окуя болууга тийиш эмес. Жергиликтүү калкка түздөн-түз– инвестордон жашоочуларга жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү механизми иштелип чыккан жана киргизилүүгө тийиш. Ошондо биз инвесторлор менен иштөө боюнча көбүрөөк негизделген позицияга ээ болобуз.

Бакыт Аскеров, 25-октябрь
Кыргызстандын маалыматтык порталы KGinform.com