Кумтөр алтын кени

Фото-галерея

Жарыяланган: 11 February 2020

Кумтөр – дүйнөдөгү эң бийик тоолуу алтын кендеринин бири. Ортоңку Тянь-Шандын чыгыш бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашык бийиктикте, түбөлүк муздук зонада жайгашкан. Кен Ысык-Көл облусунда орун алып, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 350 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кенди иштетүү жалпы кабыл алынган бургулоо, жардыруу, жүктөө жана ташуу ыкмаларын колдонуу менен ачык түрдө жүргүзүлөт. Казылган кен алгач майдалагычка (дробилка), андан ары фабрикага жеткирилет. Ал жакта кен майда күкүмгө айландырылып, эритме технологиясында көмүртек колдонуу менен алтын алынат.