Биоартүрдүүлүк

Фото-галерея

Жарыяланган: 11 February 2020

Ачык, карьердик ыкма менен кен казылып жаткан “Кумтөрдүн” экологияга сөзсүз таасири бар. Биз кен иштедүүдөгү табигый биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча милдеттенмелерибизди так аткарып, био ар түрдүүлүктү арттыруу боюнча өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташуудабыз. Биз бул милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык өнөктөштөр менен кеңешип, алар менен биргеликте иштөө керек экенин эң жакшы түшүнөбүз.