Жети-Ɵгүз районунун Тилекмат айылында мини-футбол талаасы курулду

Жети-Ɵгүз районунун Тилекмат айылында мини-футбол талаасы курулду

Жарыяланган: 10 April 2015

Ɵткɵн жумада Жети-Ɵгүз районунун Тилекмат айылында «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен курулган жаӊы мини-футбол талаасынын салтанаттуу ачылышы болуп ɵттү. Ага компаниянын, жергиликтүү бийликтин, айылдын аксакалдар кеӊешинин ɵкүлдɵрү, Ысык-Кɵл областынын футбол федерациясынын башчысы, жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер катышты.

Аземдин алкактарында мектеп окуучулары жаӊы талаада алгачкы оюнду ойношту, аны менен футбол оюндарынын сезонун ачышты. Жеӊүүчүлɵр кубок алышты, калган командаларга топтор берилди. Кубок ɵтмɵ болуп саналат жана Жети-Ɵгүз районундагы биринчи мини-футбол талаасынын ачылышынын символу болуп калмакчы. Объектинин курулушуна компания 1,9 млн. сомдон ашуун каражат бɵлдү, жергиликтүү жамааттын салымы 300 миӊ сом болду.

«Мен үчүн «Кумтɵр Голд Компанинин» Ысык-Кɵл регионунда спорттун ɵнүгүшүнɵ каражаттарды салып жаткандыгы кубанычтуу. Жети-Ɵгүз районунда бул талаанын болушу айыл жаштары арасында жашоонун сергек образын жайылтууга, атап айтканда футболду ɵнүктүрүүгɵ ɵбɵлгɵ түзмɵкчү. Ɵткɵн жылы федерация компаниядан зор колдоо алды, ал оюнчуларыбызга Ысык-Кɵл федерациясынын намысын татыктуу коргоого жана кɵп жолку чемпион болгон “Абдыш-Ата” командасын жеӊүүгɵ мүмкүндүк берди», – деп белгиледи Ысык-Кɵл областынын футбол федерациясынын башчысы Алмаз Усупов.

«Жакын жайгашкан бардык айылдардын жашоочулары Тилекматта жаӊы футбол талаасы ачылганы жɵнүндɵ кабарга ɵтɵ кубанышты. Жакынкы убакытта айылыбыздын оюнчулары ɵлкɵнүн намысын дүйнɵлүк деӊгээлде коргой тургандыгынан үмүттɵнɵм», – деп белгиледи Ак-Дɵбɵ айыл аймагынын башчысы Ариф Сабырбаев.