Жарыяланган: 29 May 2026
Касперский лабораториясынын негиздөөчүсү Евгений Касперский Кумтөр кен жайына барып, Кыргызстандын эң ири алтын өндүрүүчү ишканасында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана негизги өндүрүштүк объектилер менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө конокко Кумтөрдүн ишмердүүлүгү, өндүрүштү өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Заманбап технологиялык чечимдерди киргизүүгө, өндүрүш процесстерин автоматташтырууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Евгений Касперский кен жайдын Борбордук карьеринде болуп, алтын ылгоочу фабриканын иши менен да таанышты. Ошондой эле өндүрүштүн масштабы жана ишкананын бийик тоолуу шарттагы иш өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай тармагынын өнүгүүсүндөгү заманбап тенденцияларды, санариптик технологияларды өндүрүшкө киргизүү маселелерин жана технологиялык өнүгүүнүн келечегин талкуулашты.
«Кумтөр Голд Компани» өндүрүштү модернизациялоо жана заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү боюнча долбоорлорду ырааттуу ишке ашырып, ишкананын натыйжалуулугун жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүсүнө багытталган иштерди жүргүзүп келет.
Иш сапардын жыйынтыгында Евгений Касперский Кумтөр кен жайынын өндүрүш процесстеринин жогорку деңгээлде уюштурулганын жана компанияда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун масштабына жогору баа берди.
«Кумтөр Голд Компани» заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү улантып, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, технологиялык потенциалды өнүктүрүүгө жана ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда.