Жаштардын демилгесинен улам Балыкчыда беш жаңы балдар аянтчасы пайда болду

Жаштардын демилгесинен улам Балыкчыда беш жаңы балдар аянтчасы пайда болду

Жарыяланган: 04 June 2014

Балыкчыда беш жаңы балдар аянтчасы пайда болду, алар шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө жайгашкан. Алардын ачылышы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө тушташтырылды жана “Ысык-Көл областынын жаштар банктары” долбоорунун алкактарында колдоого алынган жаштардын демилгелеринен улам мүмкүн болду.Эске сала кетсек, бул долбоор “Кумтөр” компаниясынын финансылык колдоосунда Борбор Азиянын Евразия фонду (БАЕФ) тарабынан жүзөгө ашырылууда.

“Бизге жаштардан билдирмелер келип түштү, алар балдардын оюн аянтчаларын түзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Балдар үчүн атайын бөлүнгөн коопсуз жайлардын жоктугу – өтө актуалдуу проблема”, – дейт Балыкчы шаарынын “Жаштар банкынын” мүчөсү Тилек Өмүрбеков. Ар бир аянтчанын курулушуна болжол менен 2500 доллардан бөлүнгөн. Өз салымын жергиликтүү жашоочулар да кошушту. Эгерде долбоордун алкактарында аянтчалар курулса, жашоочулар өз каражаттарынын эсебинен алардын айланасына коргондорду тургузушту.

“Биз эң сонун натыйжаны көрүп турабыз, себеби акыркы 20 жылда шаарыбызда мындай нерсе – бир күндө 5 балдар аянтчасынын ачылышы болгон эмес. “Ысык-Көл областынын жаштар банктары” долбоору мындан ары да өзүнүн ийгиликтүү ишин улантат деп үмүттөнөбүз”, – деп белгиледи Балыкчынын мэринин милдетин аткаруучу Кубатбек Мусаев.

БАЕФтин аткаруучу директору Динара Мусабекова жергиликтүү жашоочулар мындан ары да четте калышпай жана өз шаарынын проблемаларын чечүүгө активдүү катыша тургандыгынан үмүттөнгөндүгүн билдирди. “Биз балдар менен ата-энелердин жүзүнөн кубанычты көрүп турабыз, себеби балдарыбыз – биздин эң кымбат нерсебиз эмеспи! Биз “Кумтөр” компаниясынын колдоосунан улам балдарга чыныгы майрам тартуулоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна өтө кубанычтабыз”, – деп айтты Мусабекова.

“Жаштар банктары” – бул ыктыярдуулардын демилгелүү топтору, алар өз жамаатынын турмушуна активдүү катышышат. Мурда мындай топтор алты калктуу пунктта: Балыкчыда, Караколдо, Бөкөнбаевде, Тамгада, Кызыл-Сууда жана Түптө түзүлгөн. Алар башка жаштардан билдирмелерди алышат жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган эң кызыктуу долбоорлорду колдошот.