Ысык-Кɵл облусунун жашоочуларына аймак үчүн жаңы сорттогу карагат көчөтү таратылды

Ысык-Кɵл облусунун жашоочуларына аймак үчүн жаңы сорттогу карагат көчөтү таратылды

Жарыяланган: 04 May 2015

2015-жыл, 1-майда Ысык-Кɵл облусунун Ысык-Кɵл району, Тору-Айгыр айылында «Кумтɵр Голд Компани» каржылап, «Авеп» коомдук фондусу жүзɵгɵ ашыруучу «Карагат+» программасынын алкагында карагаттын кɵчɵтү таратылды.
Жалпысынан 490 000 сомдон ашуун суммага алынган карагаттын аймак үчүн жаӊы беш сорттогу кɵчɵтү таратылды.

Кɵчɵттɵр Россия айыл чарба академиясынын М.А.Лисавенко атындагы Сибирь багбанчылык илим-изилдɵɵ институтунан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын колдоосу менен алынып келинген. Жаӊы сорттордун үлгүлɵрү Ысык-Кɵл облусунун тɵрт питомнигине, 15 демонстрациялык участогуна – долбоорго катышып жаткан багбандарга, сорт сыноочу комиссияга, ошондой эле беш райондук администрациянын социалдык ɵнүктүрүү бɵлүмдɵрүнɵ тапшырылды.

Жаӊы сорттор сынамакка алып келинген жана ийгиликтүү адаптацияланган сорттору Ысык-Кɵл облусунда ɵстүрүү үчүн андан ары Кыргыз Республикасынын Питомниктер ассоциациясына сунушталмакчы. Адистер сорттордун түшүмдүүлүгүн жана суукка чыдамдуулугун баалашмакчы.

«Кумтɵр» компаниясы менен «АВЕП» коомдук фондусунун биргелешкен үч жылдык долбоору – «Карагат+» жергиликтүү жамааттарды ɵнүктүрүүгɵ жана жашылча-жемиш рыногунун потенциалын кеӊейтүүгɵ багытталган. Жүзɵгɵ ашыруу аймагы – Тескейге басымдуулук менен Ысык-Кɵл облусу. Коомдук фонд бул экологиялык багыттагы долбоордун алкагында фермерлерди карагаттын жаӊы жогорку түшүмдүү, суукка жана илдеттерге туруктуу сортторун ɵстүрүү технологияларына окутат. «АВЕП» фондусунун адистери айыл-чарба ɵсүмдүк питомниктерин, күнөсканаларды жана кабыл алуу пунктуларын жасоого кɵмɵк кɵрсɵтɵт. Кеӊири маалымат тɵмɵнкү веб-сайтта жеткиликтүү: www.karagat.kg.

Маалымат үчүн: «АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык ɵнүктүрүүгɵ натыйжалуу кɵмɵк кɵрсɵтүү максатында эл аралык уюмдардын кеӊири спектри, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектор менен иштɵɵчү Борбор Азиялык бейɵкмɵт жана саясый эмес уюм. «АВЕП» фонду жɵнүндɵ маалымат www.avep.info веб-сайтында жеткиликтүү. Кошумча маалымат үчүн коомчулук менен байланыштар боюнча адиске кайрылыӊыздар. Тел.: (3944) 30-603; факс: (3944) 30-617.