Бишкекте Кыргызстандын Тоо-кен Клубунун биринчи отуруму өттү

Бишкекте Кыргызстандын Тоо-кен Клубунун биринчи отуруму өттү

Жарыяланган: 24 January 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (КГК) тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жана Кыргыз жер казынасы боюнча эксперттер коомунун демилгеси боюнча Кыргызстандын Тоо-кен клубу түзүлдү. Бул тармактагы кесипкөй адистер үчүн бейтариз баарлашуу аянты болот, жана бул жерде ар кандай формада жана форматтарда Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануунун абалына анализ жүргүзүлүп турат.

2022-жылдын 21-январында “Орион” отелинде Кыргызстандын Тоо-кен клубунун биринчи отуруму өткөрүлдү. Тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чараларын сактоо боюнча киргизилген чектөөлөргө байланыштуу бул иш-чарага 70 катышуучу өздөрү катышышты, ал эми Геовебинар платформасында трансляциялоо аркылуу бул отурумга Кыргызстандан эле эмес, Россиядан, Казахстандан, Монголиядан, Өзбекстандан, Канададан, Австралиядан жана башка өлкөлөрдөн жалпысынан 500 киши катыша алышты.  Иш-чарага 100дөн ашуун тоо-кен компаниялардын, тоо-кен ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелердин жана илимий уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумду Кыргыз жер казынасы боюнча эксперттер коомунун президенти Ишимбай Чунуев ачты. Ал тармакты өнүктүрүү үчүн тоо-кен эксперттеринин жана адистеринин күч-аракеттерин бириктирүүнүн актуалдуулугу жана маанилүүлүгү жөнүндө айтып өттү. Аталган Тоо-кен клубу геология, тоо-кен иши жана жер казынасын пайдалануу тармагында көз карандысыз эксперттик-аналитикалык анализ жүргүзүү, Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүү артыкчылыктарынын бирдиктүү картинасын көрүү, ошондой эле жакынкы аралыктагы жана узак мөөнөттүү өнүгүү стратегияларын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөнү белгиленди.

КГКнын тышкы башкаруучусу жана Тоо-кен клубунун демилгечиси Теңгиз Бөлтүрүк чыгып сүйлөп жатып, Кумтөрдүн 2021-жылдын ишмердигинин натыйжаларына, Компанияны жана жалпы тармакты өнүктүрүү боюнча пландарга, ошондой эле инвестицияларды тартуу, геологиялык чалгындоого каражат бөлүү, тоо-кен жабдууларын сатып алуу жана кадрларды даярдоо сыяктуу маселелерге да токтолуп өттү.

Жана ошондой эле “Кыргызалтын” ААК, “Кыргызгеология” МИ жана башкалардын жетекчилерине да сөз берилди.  Бардык көтөрүлгөн маселелер милдеттүү ченемдик-укуктук негиздин болуусун талап кылууда, андай негиз катары бир гана баарын камтыган Кыргыз Республикасынын Тоо-кен кодекси боло алат. Кодекс өзүнө жер казынасын пайдалануу суроолорун, аны менен тыгыз байланышкан фискализация, өндүрүштүк коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, кен иштетүүчүлөр менен жергиликтүү калктын кызматташтык суроолорун да камтышы керек.

Кыргызстандын Тоо-кен клубу мындан ары Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБ жана бүткүл дүйнөлүк геология жана тоо-кен иши боюнча аналитикалык материалдарды систематизациялоо ишин да аткарат. Жалпысынан жер казынасын пайдаланууга таасир тийгизген жана орун алган процесстер менен тенденцияларды аныктоо, көбүнчө Кыргыз Республикасынын ресурстук базасын калыптоо болжолдонууда.

Тоо-кен клубунун отурумдары үзгүлтүксүз түрдө Геовебинар онлайн платформасында айына бир жолудан кем эмес кароону талап кылган суроолор топтолгон сайын өткөрүлүп турат.  Клубдун бардык материалдары бул ресурста каалаган убакта көрүү жана угуу үчүн жеткиликтүү болот.