«Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» фестивалы Караколдо өтмөкчү

«Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» фестивалы Караколдо өтмөкчү

Жарыяланган: 26 August 2013

2013-ж. 27 – 28-августунда Каракол ш. “Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү” музыкалык фестивалы өтмөкчү, ал Ысык-Көл областынын “Теңчилик” майыптар союзунун жана “Назик кыз” КБсынын демилгеси менен уюштурулган. Уюштуруучулар республиканын бардык областтарынан 100дөн ашуун катышуучу келишин күтүшүүдө.

Фестивалдын негизги максаты – майыптарга карата стереотиптерди бузуу. Бул чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар адамдар үчүн коркууну жеңүү жана өздөрүнүн музыкалык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү үчүн да эң мыкты ыкма. Фестивалдын программасында эстрадалык, фольклордук жана бий номерлери бар. Антракттар убагында шахматтык турнирлер жана башка мелдештер өткөрүлмөкчү. Конкурстардын жана мелдештердин жыйынтыктары боюнча баалуу сыйлыктар жана грамоталар берилмекчи.

“Кумтөр” компаниясы бул иш чараны өткөрүүнү колдоого алды жана фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражаттарды бөлдү.