“Кумтөр” ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоодон кийин иштеп баштады

“Кумтөр” ишканасынын алтын ылгоо фабрикасы жыл сайын пландык оңдоодон кийин иштеп баштады

Жарыяланган: 27 July 2021

2021-жылдын 27-июлунда “Кумтөр” ишканасынын АЫФы жыл сайын пландалган оңдоо жумуштарынан соң кайра ишке киргизилди. 23-июлдан тартып фабрика оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу токтотулган. Эгерде, бардык пландалган иштер белгиленген мөөнөттөн эрте аяктаса, анда фабрика 29-июлдан тартып иштей баштайт”, – деп божомолдогон фабриканын менеджери Нурдин Усенов.

Бирок, фабриканы оңдоо иштери 4 суткада толук аткарылып бүттү, андыктан иштетилбей токтоп турган убакытты бир топ кыскартканга мүмкүндүк берди. Жумушчу бригадалардын жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү аркасы менен оңдоо иштери сапаттуу аткарылды.

КГКнын адистери ишкананын ресурстарын үнөмдөө максатында өндүрүш процесстерин дайыма өнүктүрүп турууга жана чыгашаларды азайтуу үчүн зарыл иштерди өз убагында аткарууга умтулушат.

АЫФтын иши жандандырылгандан кийин, жеринде оңдоо иштерин көзөмөлдөгөн КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк иштердин ийгиликтүү жүрүшү үчүн жумушчуларга алкышын айтты.

Фабрикада оңдоо иштери жүрүп жатканда, кенде тоо жумуштары кадимки режимде аткарылган.

_____________________________________

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.