«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге Тоӊ районунун пляждарын тазалашты

«Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге Тоӊ районунун пляждарын тазалашты

Жарыяланган: 29 July 2016

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү компаниянын жыйырма кызматкери жергиликтүү бийликтердин жана жаштар уюмдарынын ɵкүлдɵрү жана «Жашыл Билик» КФсы менен бирге Тоӊ районундагы үч пляжды таштандыдан тазалашты жана «Жашыл чекит» долбоорунун алкагында Тоӊ айылында эко-пляж орнотушту.

Иш чаранын алкагында 200 кг айнек, 512 кг пластик, 47 кг кагаз/металл жана 693 кг тамак-аш калдыктары чогултулду. Бардык калдыктар Кажы-Сайдагы кайталануучу сырьену кабыл алуу пунктуна тапшырылды, ал ɵткɵн айда «Кумтɵр Голд Компани» финансылаган «Жашыл чекит» долбооруну алкагында ачылган. Тоӊ айылынын пляжында 5 шезлонг, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн 9 бак жана отургуч орнотулган. Бардык объектилер жыгач жана металл калдыктарынан жасалган. План боюнча буюмдардын ушундай эле кɵлɵмү пляжда жакынкы убакыт аралыгында орнотулмакчы. Дагы бир эко-пляж Жети-Ɵгүз районунун Барскоон айылында курлмакчы.

Долбоордун алкагында Ысык-Кɵлдүн түштүк жана түндүк жээктеринде кайталануучу сырьену кабыл алуучу алты пункт ачылган. Бардык каалоочулар калдыктардын үч түрүн кайра иштетүүгɵ тапшырып, ал үчүн акча алышат жана аны менен курчап турган чɵйрɵнүн сакталышына салым кошо алышат.

Кызматкерлер жана пляждарда эс алып жатышкан активисттер менен ыктыярдуулар Тоӊ айылындагы пляжды жана Кажы-Сай айылындагы эки пляжды тазалашты. Кажы-Сайда эс алуучулар арасында ар кандай конкурстар жана концерт уюштурулду. Бардык активдүү катышуучуларды сыйлашты жана эстелик байгелер жана белектер тапшырылды. Балдар кɵбүрɵɵк активдүү катышты жана «Кумтɵрдɵн» татыктуу белектерди – стол оюндарын жана китептерди, чоӊдор блокнотторду, экосумкаларды, кружкаларды, футболкаларды, брелокторду жана свитерлерди алышты.
«Биз үчүн калдыктарды бɵлүп чогултуу жана курчап турган чɵйрɵгɵ сарамжал мамиле маданиятын калыптандыруу ɵтɵ маанилүү. Буга окшогон акциянын алкагында биз калдыктарды бɵлүү реалдуу жана ɵтɵ зарылдыгын кɵрсɵткүбүз келет. Атүгүл, пляждан чогултулган калдыктарды кɵлɵмүн кɵрүү менен биз эс алуучулар жоопкер болуп калышат жана жээкти булгашпайт деп үмүттɵнɵбүз», – деп белгиледи «Жашыл чекит» долбоорунун координатору Дмитрий Андреев.

«Биз компаниянын экологиялык долбооруна катышууга жана ɵз аракеттерибиз менен пляждарда эс алып жатышкандарга үлгү болгонубузга кубанычтабыз. Эс алып жаткандардын кɵбү кайдыгер калбаганы жана акцияга кошулганы кубандырат, ɵз салымын кошкон жана чын дилден бизге жардам беришкен балдарды кɵрүү ɵзгɵчɵ жагымдуу», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» кызматкери Гүлбара Жумагулова.
Маалымат үчүн: «Жашыл чекит» долбоору «жашыл экономиканы» алдыга жылдырууга жана катуу тиричилик калдыктарын бɵлүп чогултууну жайылтууга багытталган. Долбоор 25 туруктуу иш орунун камсыз кылары жана дагы 200дɵй жаш адамды жайдын күнү пункттардын үзгүлтүксүз иштɵɵсү үчүн тарта турганы күтүлүүдɵ. Долбоорду жүзɵгɵ ашыруунун жүрүшүндɵ ишембиликтерди уюштурууну, рекреациялык зоналарды кɵрктɵндүрүүнү, анын ичинде айрым райондордо кɵлдүн түбүн тазалоону кошо алганда, 10дой экологиялык иш чара пландалган. Долбоордун жүрүшүндɵ жергиликтүү кесиптик техникалык лицейлердин базасында катуу тиричитик калдыктарын жыйноо үчүн цистерналарды чыгаруу боюнча үч цех, велосипед коюучу жайларды, ошондой эле экосумкаларды жана кагаз пакеттерди даярдоо боюнча мастерскаялар ишке киргизилмекчи. Экологиялык долбоор түштүк да, түндүк да жээктерди камтымакчы, кабыл алуу пункттары Бɵкɵнбаевде, Кажы-Сайда, Балыкчыда, Чолпон-Атада жана Караколдо орнотулмакчы. Эки жылдык долбоорго «Кумтɵр» компаниясынын салымы 8 миллиондой сомду түзɵт.