ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР

ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ БОЮНЧА ИНЖЕНЕР

Жарыяланган: 13 May 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт

Техникалык көзөмөл боюнча Инженер (Кумтөр кени)

Билдирүү номери: KGC-22-157 

ИШ-МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Компаниянын объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү;
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмдөрүнүн, мөөнөттөрүнүн жана сапатынын, ошондой эле колдонулган материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын сапатынын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, жумушчу чиймелерге, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, стандарттарга, техникалык шарттарга, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын ченемдерине, өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин көзөмөлдөө;
  • Аткаруу документтеринин шайкештигин көзөмөлдөө, аяктаган курулуш-монтаждоо иштерин эсепке алуу жана отчет үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Өнөр жай жана жарандык инженерия багыты боюнча жогорку билим;
  • Курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер же башка инженердик-техникалык жумуштарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • “Инженердик кызмат көрсөтүү боюнча адис” квалификациялык сертификаты;
  • Курулуш объектилерин текшерүү тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Анкета жана резюме  2022-жылдын 27-майына  чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-22-157 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.