«Кумтөр» компаниясынын Бишкек шаарындагы камсыздоо бөлүм жамааты карыларды Жеңиш Күнү менен куттукташты

«Кумтөр» компаниясынын Бишкек шаарындагы камсыздоо бөлүм жамааты карыларды Жеңиш Күнү менен куттукташты

Жарыяланган: 17 May 2017

Камсыздоо бөлүм жамаатындагы «Кумтөрдүн элчилери» Бишкек шаарынын «Ленин райондук майыптар коомунун» мүчөлөрүн, алардын ичинде согуш жана тыл ардагерлерин Ата-мекендик согушта Улуу Жеңиштин 72-жылдыгы менен куттукташты. Кумтөрчүлөр үч жылдан бери ардагерлерге жолугуп, баарлашып, апа-аталардын өткөнү жөнүндө кебин угууну салтка айлантышкан. Быйыл Камсыздоо бөлүм жамаатына бир нече каржы бөлүмүнүн кызматкери кошулду.

Меймандар куру кол барбай, «Кумтөр» кызматкерлери өздөрү чогулткан акчага азык-түлүк топтомдорун ала барган. Жолугушуу учурунда карыялар жагымдуу маанай, ден-соолук жана жигердүү узун өмүр калоолорун угушту. Катышуучулурадын айтымында мындай жолугушуулар эки муундун ымаласын бекемдеп, улууларды урматап, камкор болууга тарбиялайт.